Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Башкы Ассамблея Крым боюнча антиорусиялык резолюция кабыл алды


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жалпы көрүнүшү. 25-сентябрь, 2018-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жалпы көрүнүшү. 25-сентябрь, 2018-жыл.

БУУнун Башкы Ассамблеясы ишемби күнү Крымдын аймагында адам укуктары бузулуп жатканын, “Орусиянын аймакта мыйзамсыз юрисдикция, башкаруу жана мыйзамдарды орнотушун айыптаган” Украинанын сунушун көпчүлүк добуш менен колдоду. Ошол эле маалда Башкы Ассамблеянын экономикалык маселелер боюнча алектенген 5-комитети бул чечимди ишке ашырууга каражат бөлүп берүүдөн баш тартты. Бул жылы Киев сунуштаган документти делегациянын 67си колдогон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу беш кишиге аз дегенди билдирет. Резолюцияны колдогондордун арасында АКШ, Европа биримдиги, Түркия жана Жапония бар. Орусия, Беларус, Кытай, Индия, Сербия, Сирия, Никарагуа, Түштүк Африка, Венесуэла каршы добуш берсе, 70 өлкө “калыс” позициясын билдиришкен.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчисинин орун басары Геннадий Кузьмин муну “антиорусиялык, жалган, мазмуну жагынан мааниси жок” документ деп баалап, каржылоодон баш тарткан 5-комитетке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал “саясий жана экономикалык кырдаалдын начарлашынан улам Украина украиналыктардын өзүнө жагымдуу өлкө болбой калганын, буга калктын санынын кескин азайып жатышы далил экенин” айтты.

XS
SM
MD
LG