Курултай курал болдубу?
Өткөн ишембиде Кыргызстанда саясий күчтөрдүн курултайы өттү. Курултайдын жыйынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата бийликти узурпациялап, бир колго топтогон деген терс баа берилсе, жыйынга катышкандар учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишин канааттандырарлык деп табышты. Коомдук саясий күчтөрдүн курултайы максатына жеттиби же кимге курал болду? Бул суроо “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талданды. Талкууга курултайдын демилгечилеринин бири, саясатчы Азимбек Бекназаров, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү, жарандык активист Рита Карасартова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ишенбай Кадырбеков, парламенттин депутаты Рыскелди Момбеков катышты. Ошондой эле талкууга скайп аркылуу Жапониядагы Кобе университетинин магистранты, саясий талдоочу Даниел Кадырбеков кошулду.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 04, 2024
"Жалган маалымат" үчүн жаза: Өкмөттүн талаштуу сунушу
-
Август 22, 2024
Миграция: Москванын саясаты, Бишкектин аракети
-
Май 16, 2024
Жазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш