Дипломатия: этиканы эске салган “жаңжал”
Акыркы мезгилде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигиндеги абал коомчулуктун көңүл борборуна чыкты. Тышкы саясат мекемесиндеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча айыптоодон улам башкы дипломат Эрлан Абдылдаев кызматтан кетсе, Түштүк Кореядагы мурдагы элчи Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын жарыялады. Мындай кырдаалда министрге көрсөтүлгөн талапкердин ысымы дайын болду. Өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин туш болгон акыркы кырдаал эмнеден кабар берет? Дипломаттык этиканы менен жоопкерчиликтин эске чыгышы эмне себеп болууда. Бул суроолорду “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, мурдагы элчилер Бактыгүл Каламбекова жана Кубан Мамбеталиев, Сереп иликтөө борборунун башчысы, тышкы саясат боюнча адис Искендер Ормон уулу катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?