Бул фотобаянда мына ошондой кызматын элге билдирбей аткарган кесип ээлеринин эмгеги камтылды.
Көчмөндөр оюндарындагы жаратмандар
Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө зор салымын кошуп, кесиптик милдетин талбай аткарган кызматкерлер көп болду. Алардын кызматы элге көрүнгөн жок, бирок зарыл учурда жок болсо кемтик дароо байкалмак.

1
Сахна сыртындагы балдар. Кырчында өткөн "Көчмөндөрдүн алтын кылымы" деп аталган театралдаштырылган концертке 1200дөн ашык артист, каскадер жана жаш актерлор катышты. Алар үчүн 500гө жакын улуттук кийим тигилген.

2
Каскадерлор сахнага чыгаар алдында кийимдерин өрттөөгө даярдап, бензин аралаштырылган май сүйкөштү.

3
Сахнада от менен ойногон каскадерлордун өнөрү көпчүлүктү дагы бир жолу таң калтырды.

4

5
Оюндардын шартына ылайык, башка өлкөлөрдөн келген көкбөрүчүлөрдү Кыргызстан ат менен камсыз кылды. Чет өлкөлүк көкбөрүчүлөргө ат даярдап жаткан жигиттер.

6
Ат чабышка чыгаар алдында күлүктөрдү суутуу учуру.

7
Жаш чабандестердин жарыш алдындагы маеги.

8

9
Ат майдандын кызматкери оюн талаасын беттешке даярдап жатат. Ар бир бөлүктөгү белгилер жаңыртылат.

10
Көкбөрүчүлөрдүн көпчүлүктү таң калтырган чапчаңдыгы мына ушинтип сүрөттө калат.

11
Оюн учурунда коомдук тартип менен жарандардын коопсуздугуна миңден ашуун тартип сакчылары көз салышты. Алар ат майдандын айланасын, оюн өтчү жерлерди кайтарып, көкбөрүнү жакын жерден көрүп, кызыкка да батышты.

12
Көчмөндөр оюндары учурунда 752 медицина кызматкери, 38 тез жардам унаасы иштеди.

13
Оюнда жаракат алган улакчыга жардам көрсөтүлүүдө.

14
Ачылыш жана жабылыш аземдери үчүн коюлган сахна артында электриктер тынбай иштеди.

15
Ыктыярчылар оюндан кийин таштандыларды жыйнап, бир да желим баштыкты ат майданда калтырышкан жок.

16
"Бизнесмен бүркүт". Анын ээси ар бир сүрөтү үчүн 100 сом алат.

17
Мөмө-жемиштерди кошуп балмуздак жасап саткан соодагердин да иши жакшы жүрдү.

18
Венгриялык машыктыруучу спортчусун мелдешке даярдап жатат.

19
Медаль уткан спортчуларды сыйлоо аземине улуттук кийим кийген кыздар коштоп чыкканда өзгөчө көрк берип, жарашып турду.

20