Бул фотобаянда мына ошондой кызматын элге билдирбей аткарган кесип ээлеринин эмгеги камтылды.
Көчмөндөр оюндарындагы жаратмандар
Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө зор салымын кошуп, кесиптик милдетин талбай аткарган кызматкерлер көп болду. Алардын кызматы элге көрүнгөн жок, бирок зарыл учурда жок болсо кемтик дароо байкалмак.

21
Көчмөндөр оюндарына 2000ден ашуун ыктыярчы катышып, спортчуларга, туристтер менен көрүүчүлөргө жардам беришти.

22

23
Оюндардын калыс жана так өтүшүнө 267 эл аралык калыс көз салып, килем үстүндө жүрүп жаткан кармаш, ар бир кыймыл-аракет көз жаздымда калбады.

24
Түркмөнстандын атагы чыккан спортчусу Насиба Суркиева күрөшүп жатып далысын оорутуп алган. Ага кызматына даяр турган дарыгерлер дароо жардам көрсөттү.

25
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө көрсөтүлдү. "Матч ТВ" каналы көкбөрү мелдештерин түз алып көрсөттү.

26
Машыгуучу жайда өзбек балбандары көкбөрү оюнун көрүүдө. Өзбекстандын командасы көкбөрү мелдешине биринчи жолу катышып, финалга чыкты. Бирок Кыргызстандын курама командасы байгени берген жок.

27
Мелдештерде желек илген да маанилүү милдет. Катышуучу өлкөлөрдүн желегин жана гимнин жакшы билген кызматкер гана ишке алынган.

28
Спорттук залдардын тазалыгына милдеттүү кыздар тыным алышкан жок.