Кыргызстанда дин саясатташтыбы?
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мечиттердин саны мектептерден көп болгонун жакшы көрүнүш катары баалады. Ошол эле маалда ал салттуу диндин баалуулуктарын тутунуп, мамлекеттик көзөмөл болушу керектигин билдирди. Саясатчылардын дин тууралуу билдирүүлөрү жана диниятчылардын ар кыл чакырыктары Конституцияга ылайык дин мамлекеттен ажыратылган Кыргызстан үчүн кандай көрүнүш? Кыргызстанда дин саясатташып кеттиби? Бул суроолорго «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов, буга чейин аталган комиссиянын жетектеген коомдук ишмер, эксперттер Орозбек Молдалиев жана Каныбек Осмоналиев катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды