Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баасы өстү
Бишкекте батирдин баасы өткөн жылдын ушул айына караганда 6,2 пайызга, Ошто 12% өстү. Ал эми 105, 104 жана 308-сериядагы жана жеке типтеги үч бөлмөлүү батирдин баасы салыштырмалуу бир аз арзандады. Мунун себептери жана алдыңкы айларга божомолдор туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын турак жайларды каттоо жана анализдөө бөлүмүнүн башкы адиси Айдар Сукенбаев “Азаттыкка” маек курду.