Камалган үзөңгүлөштөр: кезек кимде?
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов камакка алынды. Учурдагы парламент депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголуп, убактылуу кармалды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөшүн камакка алуунун артында эмне турат? Бул суроолорго “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жооп издейбиз. Талкууга УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадаминов, журналист-аналитик Арслан Койчиев жана укук коргоочу Рита Карасартова катышты.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 10, 2024
11 журналистке чыккан сот өкүмү сөз эркиндигине соккубу?
-
Сентябрь 25, 2024
Акаевдин "экс-президент" макамы: Жогорку Кеңештин жообу
-
Сентябрь 04, 2024
"Жалган маалымат" үчүн жаза: Өкмөттүн талаштуу сунушу
-
Август 22, 2024
Миграция: Москванын саясаты, Бишкектин аракети
-
Май 16, 2024
Жазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты