Ракка чалдыккан балдар окуй баштады
2017-жылдын декабрь айынан тарта Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан балдар менен өспүрүмдөргө "Жардамдашуу оңой" фондунун жетекчиси Динара Аляеванын демилгеси менен "көчмө мектеп" иштей баштады. Буга чейин айлап-жылдап оору менен алышкан балдар окуу программасынан четтеп калышчу. Азыр беш мугалим балдарга жумасына бир нече күн негизги сабактарды өтүшүүдө. Ата-энелер айрыкча балдардын англис тилин үйрөнүп, алаксып жатканына кубанычта.
Чыгарылыштар
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады