Бир насыяны төлөй албай, экинчисин алып, андан кутулуунун аракетинде дагы карыз алып отуруп, төлөчү бересеси тапкан кирешесинен ашып кеткендер Нарында көп кездешет. Алардын арасында карызы жеңилдебей эле тескерисинче айдан-айга өсүп олтуруп, үй-бүлөсү бузулгандар да бар.