Кооздук издеген азиз сүрөтчү
Өмүрүн сүрөт искусствосуна арнаган Кыргыз эл сүрөтчүсү Батыр Жалиевдин көзү көрбөй калды. Сүрөтчү көрбөй калышын ак жана кара түстөрдү көпкө үңүлүп карагандыгынан жана карылыктан деп эсептейт. Бирок өмүр бою көзү менен кооздук издеген өнөр ээси учурда көргөнүн болбосо да ойлогонун сүрөткө түшүргөнгө аракет кылып келет.