Ош: жаштар адилет шайлоону каалашат
Ош шаарында активист жаштар окуу жай жетекчилерине президенттик шайлоонун таза өтүшүнө тоскоолдук кылбоо талабы менен жүзүнө беткап тагып алышып, жөө жүрүшкө чыгышты. Акция Оштун жогорку окуу жайлар көп жайгашкан чыгыш кичи районунда уюштурулду. Студенттер тобу окуу жай жетекчилерине шайлоонун жүрүшүнө кийлигишпей, жаштардын шайлоодо өз тандоо укугун пайдалануусуна шарт түзүүнү эскертишти.