Шаардык сот Ө.Текебаевди абакта калтырды
Бишкек шаардык соту 4-майда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын карап, аны 25-майга чейин камакта кармоо тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Текебаевдин жактоочулары эртең менен шаардык соттун имаратынын, түштөн кийин сот болгон мурдагы аскер сотунун имаратынын алдында митинг өткөрүшүп, аны абактан бошотууну талап кылышты. "Ата Мекен" партиясынын лидери "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"