"Биз терроризмге каршыбыз"
Ош шаарында миңге чукул адам террорчулукка каршы жөө жүрүшкө чыгышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акциянын катышуучулары шаардагы өздөрү жашаган көчөлөрдөн чогулуп, башкы аянтка чейин басышат. Ал жерде террорчулуктун кесепеттери тууралуу баяндар жасалат. Жөө жүрүштү Ош шаарындагы аймактык кеңештер уюштурган. Ага социалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жаштар катышууда. Акция "Биз террорчулукка жана экстремизмге каршыбыз!", "Жаштар ынтымактуу Кыргызстанда жашайт!" деген ураандар менен өтүүдө.