Максат - шаар тургундарын спорттун бул түрүнө кызыктыруу. Өзгөчө шахмат аянтынын ачылыш аземинде үй-бүлөлүк турнир өтүп, ага үч муундагы шахматчылар катышты. Адистердин айтымында, соңку бир-эки жылда Кыргызстанда шахмат кыймылы активдешип, түрдүү мектептер, клубдар ачылууда.
Бишкектеги өзгөчө шахмат аянты
“Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук бирикмеси Ататүрк сейил багына көлөмдүү шахмат фигураларын койду.

1
Ачык аянтка коюлган шахмат талаасы 12 чарчы метр.

2
Фигуралардын узундугу 70 сантиметрден 1 метр 20 сантиметрге чейин. Алар жыгачтан жасалган.

3
Шахматтардын эң үстүнө Кыргызстандын атрибуттарынын элестери түшүрүлүп, кыргызча колоритте жасалган.

4
Ар бир фигуранын жээги кыргызча оюм-чийимдер менен кооздолгон.

5
Фигуралардын салмагы 10-15 килограмм.

6
Кичинекей шахматчылар балдар үчүн бул фигуралар менен шахмат ойноо бир аз оордук кылып калат экен дешет.

7
Долбоор ээлеринин айтымында, көлөмдүү шахмат аянты негизинен өспүрүмдөргө жана улуу муун өкүлдөрүнө арналган

8
Кыргызстанда беш-алты жылдан бери парламентте мектептерге шахмат сабагын киргизүү демилгеси көтөрүлүп келет.

9
Республикалык шахмат федерациясы 2017-жылдан баштап, Бишкек шаарындагы бир нече мектептерге шахматты мектептин программасына киргизүү боюнча пилоттук долбоорлор сунушталарын айткан.

10
Шахматты усталар Нурлан Нурбаев менен Нурмухамбет Атабеков жасаган.

11
Бул долбоор "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук бирикмесинин демилгеси, "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык көмөгү менен ишке ашкан.

12
Үч муун ортосунда жүргөн үй-бүлөлүк турнирде чоң аталар менен чоң аталар, аталар менен аталар, балдар менен балдар таймашты.

13
Чоң ата 4, 5, 6 жаштагы шахматчы неберелери менен.