Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Навальный 15 күнгө соттолду


Орусияда оппозициялык лидер Алексей Навальный уруксат берилбеген митингдерди уюштурганы үчүн административдик жоопко тартылды. Ал тапта АКШ жана Европа биримдиги Орусияда коррупцияга каршы чыккан жүздөгөн демонстранттын кармалышын айыптап, аларды бошотууга үндөштү.

Коррупцияга каршы фондунун жетекчиси Алексей Навальныйдын соту 27-мартта Москванын Тверь райондук сотунда болду. Ага коомдук тартипти бузууга алып келген уруксат берилбеген митингдерди уюштуруу айыбы боюнча 20 миң рубль (350 доллар) айып пул салынды. Оппозиционер ошондой эле полиция кызматкерине баш ийбөө үчүн 15 суткага камалды. Ал өзү жана адвокаты сот адилетсиз болду дешүүдө.

Навальный алдыңкы күнү борбор шаарда санкцияланбаган акциянын алдында кармалган. Ошол эле күнү кечинде АКШ Мамлекеттик департаменти Навальныйдын жана коррупцияга каршы чыккан жүздөгөн демонстранттын кармалышын айыптап дароо бошотууга үндөдү:

“Тынч акциянын катышуучуларын, укук коргоочуларды жана журналисттерди кармоо фундаменталдуу демократиялык баалулуктарга шек келтирет”, - деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер.

Тонер Вашингтон Орусиядага окуялардын өнүгүшүнө байкоо салып турганын кошумчалады.

“Орусия эли, башка өлкөлөрдүн элдериндей эле ой-пикирлерди эркин алмашууну колдогон, бийлик кабыл алган чечимдердин ачыктыгын, бардык жарандардын мыйзам алдындагы теңдигин, куугунтуктоолордон чочулабай эркиндиктеринен пайдаланууну камсыздаган өкмөткө татыктуу”, - деп белгиледи Тонер.

Европа биримдиги да Орусия өкмөтүн элдин тынч чогулуу жана өз оюн эркин билдирүү укуктарын сактоого чакырды. Шаркеттин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн сайтында жарык көргөн билирүүдө тартип коргоо органдары жарандарга Орусия Конституциясында бекитилген негизги эркиндиктерин ишке ашырууга жолтоо болгону айтылат. Евробиримдик орус бийликтерин эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Европа кеңеши жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун принциптерин аткарууга, адам укуктарын коргоого жана тынч демонстрацияда кармалгандарды кое берүүгө чакырды.

26-мартта Орусиянын ондогон шаарларында паракорлукка каршы акциялар өткөрүлгөн. Көпчүлүк учурларда жергиликтүү бийликтерден уруксат алынган эмес.

Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун "Ал силерге Димон эмес" деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болду. 2-мартта жарык көргөн фильмде өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, яхталары жөнүндө айтылган. Фонд мунун бардыгы мыйзамсыз жол менен алынган деп эсептейт. Бирок премьер же анын өкүлдөрү фонддун жетекчиси Навальныйдын айыптоолоруна жооп кайтарышкан жок. Азыркы күнгө чейин тасманы Youtube каналынан 11 миллиондон ашык киши көрдү.

Маалыматтарга караганда Москвада сейилдөө формасында өткөн иш-чарага 8 миңден 20 миңге чейин киши катышты. ОВД-Инфо укук коргоо порталы бир миңден ашуун киши кармалганын билдирди. Бул – 2012-жылы Болотная аянтанда кармалгандардан да көп. Полиция ошондой эле Коррупцияга каршы фонддун кызматкерлерин алып кеттти жана жек көрүүчүлүк же кастыкты козутуу беренеси боюнча иш козгоду. Уюмдун кеңсесинде тинтүү жүрүп, тартип коргоочулар техниканы алып кетишкени кабарланды.

Москва: жүздөгөн демонстранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Ал тапта Медведев демонстрациялар болгон күнү лыжа тээп жүргөнү маалым болду. Инстаграммда колдонуучулардын биринин “Күн кандай өттү?”-деген суроосуна премьер: “Жаман эмес, лыжа тептим”, -деп жооп берди.

Нааразылык акциялары Петербург, Тула, Краснодар, Хабаровск, Липецк жана башка шаарларда өттү. Бирок Орусиянын федералдык каналдары бул тууралуу кабарлашкан жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG