Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Парижден чыккан сынды Москва четке какты


Эммануэл Макрон
Эммануэл Макрон

Орусия бийлиги Франциядагы шайлоого кийлигишүүдө деген кинени четке какты. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус бийлигине каршы айыптоону “акылга сыйгыс” деп атады.

Расмий Москванын башка өлкөлөрдүн ички иштерине жана шайлоо жараянына кийлигишүү ниети жок. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 14-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди:

- Расмий Москва мындай кадамга эч качан барбайт, келечекте да баруу ниети жок. Ошондой эле биздин ички иштерибизге да тыштан бирөө кийлигишүүсүн каалабайт.

Песковдун мындай билдирүү таратышына орус бийлигинин Парижден ачуу сын угушу себеп болду. 13-февралда президенттикке аттанган француз саясатчысы Эммануэл Макрон жетектеген “Алга” партиясынын маалымат катчысы Ришар Ферран Франциядагы шайлоого Орусия таасир этүүнү көздөп жатканын билдирген. Феррандын айтуусунда, Москва ашкере оңчул Марин Ле Пенди жана оңчул-борборчул Франсуа Фийонду алга сүрөөгө кызыкдар болууда.

Ага чейин “Алга” партиясынын өкүлдөрү Кремл Russia Today каналы жана Sputnik агенттиги аркылуу жалган маалыматтарды таратып, шайлоонун жүрүшүн өзгөртүүнү көздөп жатканын айтып чыгышкан.

Кремлдин маалымат катчысы Песков мындай айыптоолор акылга сыйбайт деп атады:

- Москванын кандайдыр бир кийлигишүүсү тууралуу эч кандай сөз да болушу керек эмес. Мындай чабуулдар болсо да, болбосо да Кремлдин эч кандай тиешеси жок. Ал эми Москванын дарегине айтылган айыптоолор жөн гана абсурд.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

23-апрелде Францияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өтөт.

Өлкө башчылыгы үчүн ашынган оңчул “Улуттук фронт” партиясынан талапкер Марин Ле Пен, көз карандысыз талапкер Эммануэл Макрон, социалист Бенуа Амон жана оңчул Франсуа Фийон ат салышат.

Соңку сурамжылоолорго караганда 7-майда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына Ле Пен менен көз карандысыз талапкер Макрон чыгышы ыктымал.

Марин Ле Пен Орусиянын президенти Владимир Путинди ачык колдоп келет. Саясатчы айым буга чейин бир нече ирет “Путин-Трамп-Ле Пен” союзун түзүүнү көздөрүн ачыкка чыгарган.

"Улуттук фронт" партиясынан президенттикке талапкер Марин Ле Пен.
"Улуттук фронт" партиясынан президенттикке талапкер Марин Ле Пен.

Оңчул жана борборчул Франсуа Фийондун да Кремлге көзү түз. Ал Украинанын чыгышындагы жаңжал үчүн Киев жоопкер деп эсептейт.

Ал эми Эммануэл Макрон жана Бенуа Амон, тескерисинче, ачык эле Крымдын Орусия аннексиялап алышын кескин сынга алып, Москвага каршы киргизилген санкциялардын сакталышын колдоп келишет.

39 жаштагы Макрон буга чейин Франциянын Экономика министрлигинде, президент Франсуа Олланддын администрациясында иштеген.

2014-2016-жылдары экономика, өндүрүш жана маалыматтык технологиялар министринин кызматын аркалаган. Өткөн жылы президенттикке ат салышуу үчүн кызматынан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG