Нарындагы кар айкелдер
Нарын шаарынын тургуну Адилет Кутбидин уулу бул жылы кардан жети айкел жасады. Анын арасында манасчы Саякбай Каралаевдин да келбети бар. Адилет бул өнөрүн беш жыл мурда баштаган. 2015-жылы кой жылында кулжанын, 2016-жылы маймылдын айкелин кардан тоңдуруп Нарын шаарынын борбордук аянтына койгон. Бул жылы тоок, коен, аюу, илбирс сыяктуу жомок каармандарын элдин астына алып чыгып отурат.