Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Жалгыздын өлүмү, жосунсуз жорук


Маркум Нурсултан Насировдун туугандары
Маркум Нурсултан Насировдун туугандары

Ош шаарына караштуу Жапалак айылында теңтушун өлтүрүүгө шектелип камалгандарды куткаруу үчүн марафон уюштурулганы кабарланууда. Айыл эли бир өлүм үчүн беш баланы каматып жиберүүдөн пайда жок дешет.

Классташтарынын колунан ажал таап, сөөгү дээрлик үч айдан кийин талаадан табылган Нурсултан Насировдун туугандары кечээ анын кырк ашын беришти.

Каргашалуу окуя 4-сентябрда Ош шаарынын Жапалак айылында болгон. Бул кылмышка шектелип маркумдун беш курбалдашы кармалган.

Маркум Нурсултандын апасы Шарипа Насирова уулун өлтүрүүгө катышы бар балдарды куткаруу үчүн айылда жашыруун марафон уюштурулуп, элден 300 сомдон каражат топтолуп жатканын айтты:

- Азыр камакта жаткан балдарды куткаруу үчүн марафон уюштурулуп, элден 300 сомдон чогултулуп жатыптыр. Ал акчаны сот, прокуратура жана милиция кызматкерлерине пара катары беришет имиш. Мен 4-сентябрда жоголгон уулумду үч ай издедим. Үч айдан кийин баламдын сөөгүн талаадан таап, ар жерден чогултуп, араң жерге бердик. Жалгызым эле. Эмнеге анча тепкилешет? Эмне үчүн талаага көмүшөт? Эмне үчүн баарын билип туруп, мага кошулуп издешет? Жок дегенде сөөгүн жөн таштап койсо ит-кушка жем болбой табылат эле го. Аларга керек бала мага керек эмес бекен? Мен ошол беш баланын баары өмүр бою эркинен ажыратылышын каалайм.

Айыл тургундары болсо Нурсултандын өлүмүнө беш бала бирдей күнөөлүү эмес дешет. Алар адам өлтүрүүгө түздөн-түз күнөөлүүлөрдөн башкасын эркиндикке чыгаруу керектигин айтышат.

Айыл тургуну Айтмамат Абдуллаев сөөктү талаага катууга аралашкан жана кылмышты үч ай бою жашырып жүргөн балдарды кечирүү керек деген ойдо.

- 18-20 жаштагы балдар бири-бирин сатмак беле? Арасында үйлөнгөндөн үч күндөн кийин кармалган балдар бар. Убал-сообу бар да. Жөн эле ошол балдардын тагдырына балта чабуунун кереги жок. Күнөөлүүсү жазасын тартсын. Берки балдарды кое бериши керек. Жөндөн жөн Жапалактагы беш-алты баланын тагдырына балта чабылбашы керек.

Жок дегенде өлүгүн жөн таштап койсо деле ит-кушка жем болгонго чейин табылат эле го. Аларга керек бала мага керек эмес бекен?

Учурда Нурсултандын өлүмүнө айыптуу деп кармалгандардын бири күнөөнүн баарын өзүнө алууда. Ал өзү менен кошо кармалган төрт досунун кылмышка катышы жок деп ишендирүүдө.

- Бирөөнүн туулган күнүндө ичип отурганбыз. Баары ошондон башталган. Ал өзү жөндөн-жөн эле мага тийише берген. Мен үйгө кетип калсам артыман келиптир. Анан темир менен чапканда өлүп калды. Мен досторумду чакырып, биринин машинеси менен талаага алып барып, көөмп салганга туура келди.

Бирок Ош шаардык ИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков бир абакта отурган курбулар алгачкы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, эми кылмышты бир гана адамга оодаруу аракетин көрө баштаганын ырастады.

- Адвокаттардын, туугандарынын көзүнчө берген көрсөтмөлөрү менен азыркы берген көрсөтмөлөрү дал келбей жатат. Бул биздин оюбузча өз ара сүйлөшүп, күнөөнүн баарын бирөө моюнуна алып, калгандары бошонуп кетүүнүн айласын издешүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул кылмышка кимисинин канчалык тиешеси бар экенин аныктап, ишти соттун кароосуна өткөрүп беребиз.

Бул окуя апасы он жылдан бери Орусияда жүргөн, ата-бала жалгыз жашаган үйдө болгон. Маркум Нурсултан Насиров бир үйдүн карачечекей жалгызы болчу.

Нурсултандын өлүмү Жапалакты бөлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG