Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Жоголду делген Баш мыйзамдын таржымалы


Баш мыйзам
Баш мыйзам

Кыргызстанда Баш мыйзамдын айланасында талкуу күчөдү. Өткөн жумада 2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасынын табылбай жатышы боюнча маселе көтөрүлүп, президенттик аппарат мындай кырдаалдын жаралышына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди айыптап чыкты. Баш мыйзамдын түп нускасы кайда? Түп нуска деги эле болгонбу?

2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасына байланыштуу талкуу өткөн аптада парламентте башталган эле. Анда бийликчил Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү апрель ыңкылабынан соң кабыл алынган Конституциянын түп нускасы кайда сакталганы боюнча маселе көтөрүп чыккан.

Мындан соң түп нуска эч бир расмий органда сакталбаганы маалым болуп, аны президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев моюнга алган:

- Чындыгында эле 2010-жылы референдумда кабыл алынган Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта жок. Архивден издедик, ал жакта да жок. Түпкү нуска кайсы мамлекеттик органда же чиновниктин колунда экени белгисиз.

Парламент: Конституция "жоголду"

Парламент: Конституция "жоголду"

Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституция кол коюуну талап кылган эмес.

Мына ушундан тарта Баш мыйзамдын түп нускасы кайда деген суроо туш-туштан берилип, коомчулукта талкуу кызыган.

Бир катар укукчулар, Баш мыйзамды иштеп чыккан кеңешме мүчөлөрү учурдагы Конституциянын түп нускасы катары өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине басылган текстти саноого болорун айтып чыгышкан эле.

Мурдагы мыйзамдарда Конституциянын түп нускасы катары президент кол койгон нуска эсептелген. Ал архивде сакталуу.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн 2010-жылы 19-майындагы декретине ылайык, 27-июндагы референдумда кабыл алынган Конституция президенттин кол коюусун талап кылган эмес. Ошондуктан Баш мыйзамдын түп нускасы катары өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган текстти саноого болот.

Муну Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон юрист Клара Сооронкулова да “Азаттыкка” ырастады:

- Укуктук жактан алганда түп нускасы жоголду дегенге таң калып жатам. Себеби, мыйзам же Конституция кабыл алынганда ал расмий басма сөз органына жарыяланган соң күчүнө кирди деп эсептелинет. “Эркин Тоо” гезитине жарыяланат. Ошол жарыяланган текст күчүнө кирген түп нуска катары эсептелет. Конституцияны ала турган болсок, референдумга чейин ал долбоор деп саналса, жалпы элдик добуш берүүдөн соң өкмөттүк гезитке жарыялангандан кийин текст юридикалык күчкө ээ болот. Конституцияга ылайык мыйзам болобу, укуктук ченемдик акт болобу, расмий басма сөз органына жарыяланбаса күчүнө кирбейт.

Мына ушундай шартта Конституциянын түп нускасын ”ийне жоголду” деп издемей токтогон кезде президенттик аппараттын билдирүүсү бул талкууга кайрадан жем таштады.

Сооронкулова: Гезитке чыккан Конституция түп нуска

Сооронкулова: Гезитке чыккан Конституция түп нуска

Кандай гана болбосун расмий кайсы текст жарыяланса, ошол Баш мыйзамдын түп нускасы болуп эсептелет. Эгер айырма бар деген маселе көтөрүлүп жатса, анда ал изилдениш керек.

Президент Атамбаевдин кеңсеси 25-октябрда тараткан маалыматта 2010-жылкы Конституцияга бир дагы жооптуу адам кол койбогону айтылат.

Баш мыйзамдын долбоорун даярдоого, аны талкуулоо ишин уюштурууга, жарыялоого Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев жооптуу болгонун айтып, ал мыйзамдарга жоопкерсиз, шалаакы мамиле кылган деген жүйө келтирген.

Буга бир нече дал келбестиктерди мисал кылган президенттик аппараттын кызматкерлери Өмүрбек Текебаевди мыйзамдык нигилизмге жол берген деп айыптап жатат.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун айтымында, мындай алешемдиктер азыркы Баш мыйзамга ишенбестик жаратууда:

- 2010-жылдын 19-майында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева референдум өткөрүү жөнүндө декретке кол койгон. Ал документте кабыл алынган Конституцияны күчүнө киргизүү жөнүндө мыйзам кол коюуну талап кылбай турганы жазылган. Конституциянын текстине ким жоопкер болору аныкталбай калган.

Ошондой эле президенттин кеңсеси мурунку президент Роза Отунбаеванын дарегине да сын айтып, анын өткөөл учурда өлкө башкарууга эрежелерди бузуу менен киришкенин ырастоодо.

Роза Отунбаева президенттик кызматка 2010-жылдын 3-июлунда ант берип киришкенин, ал эми аны бул орунга бекиткен референдумдун жыйынтыгы расмий түрдө 6-июлда жарыяланганына Атамбаевдин аппараты көңүл бурган. Муну укуктук коллизия деп аташууда.

“Роза Отунбаеваны президенттик кызматка каттоо үчүн алгач мыйзамдын күчүнө киришин күтүү керек болчу”, - деп айтылат маалыматта.

2010-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү, учурда президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Нурбек Касымбеков Баш мыйзам айланасындагы талаштуу кырдаалдын жаралашына жоопкерчиликти Өмүрбек Текебаевге жүктөйт:

- Конституциялык кеңешме негизинен жакшы иштеген. Бир катар сунуштар айтылып, талкуулар өткөн. Бирок бул жерде маселе Убактылуу өкмөттөн Конституциялык реформага жооптуу болгон Өмүрбек Текебаев муну туура кол койдуруп, декреттерди, документтерди чогултушу керек болчу. Ал архивде турушу керек эле. Мына ушул нерсе жок. Документтердин ар бир бетине визалар коюну толук ишке ашырбай калган.

Мындай жол менен президенттин командасы 2010-жылдагы Баш мыйзамдын бир катар кемчиликтер бар экенин айтып, аны Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен оңдоого болот деп кыйытууда.

Саясий оппоненттер ынтымакка келеби?

Саясий оппоненттер ынтымакка келеби?

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев башкы саясий оппоненти, президент Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосундагы саясий чыңалууну басаңдатууга мүмкүн экенин, бирок мунаса табылбай турган маселелер бардыгын билдирди.

Анткен менен Өмүрбек Текебаев баш болгон Конституциялык кеңешменин бир катар мүчөлөрү, ошол кездеги Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү президенттик аппараттын мындай жүйөсүн четке кагып, элдин көңүлүн өлкөдөгү негизги маселелерден бурууга болгон аракет катары сыпатташууда.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөт референдумду дайындоо боюнча декрет кабыл алганын айтат. Бул декретте жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзамга кимдир бирөөнүн кол коюшу талап кылынбай турганы жазылган.

Бул мыйзамдуу болгонун айткан Өмүрбек Текебаев мындай эреже 2010-жылдагы саясий кырдаалды жана бийликтин туткасы эл экенин эске алуу менен кабыл алынганын “Азаттыкка” түшүндүрдү:

- Президенттин аппараты деле 2010-жылы тарыхый чечим болгонун, эл мындай чечимди кабыл алганын моюнуна алып жатат. Бирок ушуга бирөө кол коюшу керек болчу дейт. Мен эгер кааласам жыргап кол коймокмун. Кыргыздын тарыхында калайын деп туруп кол коймокмун. Бирок менин кол коюуга биринчиден, укугум жок болчу. Эгер кол койсом Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү таанымак да эмес. Ал учурда баары кыйын болчу. Баары өздөрүн президент көрүп отурган. Ошондуктан, баарыбыз кеңешип отуруп ушундай чечимге келгенбиз. Баарыбыздан бийик эл. Бийлик элдин колунда. Элдин чечимине Асан болобу, Үсөн болобу эскертүү айтып, мөөрүмдү басышым керек деп айтпайт. Референдумду дайындоо боюнча декретте да, Конституцияны күчүнө киргизүү боюнча мыйзамда да так ушул кырдаал, жоболор так жана ачык белгиленген.

Эгер кааласам жыргап кол коймокмун. Кыргыздын тарыхында калайын деп туруп кол коймокмун. Бирок менин кол коюуга укугум жок болчу.
Өмүрбек Текебаев

Текебаев азыркы президенттин айланасындагылар 2010-жылдагы кырдаалды жокко чыгаруу менен негизсиз, жалган маалыматтарды таратып жатканын кошумчалады.

2010-жылдагы Конституциялык кеңешме мүчөсү Алмазбек Акматалиев ал кезде Баш мыйзамга президент кол коюп, түпкү нуска сактагандай учур болбогонун эскертет:

- Убактылуу өкмөттүн декретинде жазылган. Референдумда кабыл алынган Конституция президенттин колу менен бекитилбейт деп айтылып турат. Эмнеге мындай болду эле? Себеби, ал учурда Убактылуу өкмөттүн өзүнүн юридикалык макамы белгисиз болчу. Ошондуктан, түп нуска жок деп чуу салуунун максатын мен түшүнбөй жатам.

Ал эми апрель ыңкылабынан соң Роза Отунбаеванын аппаратынын башчысы болгон Эмилбек Каптагаев өткөөл учурдагы өлкө башчысынын кызматка киришинде эч кандай мыйзам бузулбаганын айтууда.

Каптагаевдин учурдагы бийликтин жүйөлөрүн “саясий кызык кулактык” деп атады:

- Конституция жоголду деп жөн жерден чуу чыгаруу артында кандай максат бар экенин толук түшүнгөн жокмун. Конституция – жоголбой турган нерсе. Бирде “жоголбой эле турат, кайра жоголду, кол коюлбай калды” деп жатышат. Асмандан түшкөнсүп айтып аткан президенттик аппаратка түшүнсө болот. Анткени, ал жерде 7-апрелде эл кырылып атканда Ак үйдүн 7-кабатында тамаша кылып карап тургандар отурбайбы. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин бул ойду айтканы таң калычтуу жана өкүнүчтүү. Референдум өтүп, анын жыйынтыгы чыгары менен Баш мыйзам күчүнө кирди да. Алар гезитке чыга элек болчу деп билдирип жатышат. Бирок БШК референдум өттү, Конституция кабыл алынды деген чечим чыгарары менен күчүнө кирген. Соңку окуяларды "саясий кызыл кулактык" десек болот.

Мындай позицияны 2010-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп турган Акылбек Сариев да белгилейт. Сариевдин жүйөсүндө, референдумдун жыйынтыгы расмий жарыяланган соң гана Отунбаева ант берип, кызматка киришкен:

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

​- Референдум жыйынтыгы менен жарыялоо жана аны каттоону бир учурда жүргүзүү эч кандай мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Катталары менен эле ал киши дароо жарлыкка кол койгон жок да. Ал ант берип, расмий түрдө анан милдетин аткарып баштады. Мен да аталган маалыматтагы алгач жарыялап, күчүнө киргизип, андан кийин катташ керек болчу деген дооматты түшүнгөн жокмун. Бул логикага да жатпай турган нерсе.

Ошол эле учурда бийликтин мурдагы өнөктөшү, азыркы каршылаштарынын легитимдүүлүгү боюнча маселе көтөрүшү кабыл алынып жаткан мыйзамдардан тартып, анын негизинде иштеп жаткан азыркы бийлик органдарынын мыйзамдуулугуна чейин маселе жаратат.

Конституциялык укук боюнча эксперт Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, жаралган кырдаалды эки тараптан караса болот:

- 2010-жылдагы Конституциялык кеңешме учурунда бир катар сунуштар эске алынбай калган. Мисалы, мен да катышып, коомдук уюмдардын атынан сунуштарды айткам. Бирок кеңешменин башчысы Өмүрбек Текебаев аларга көңүл бурган эмес. Экинчи жагынан алсак, Кыргызстанда онунчу жолу конституциялык реформа болгону жатат. Баарысын шашып түрдө бийлик өзүнө гана керектүү жерлерди алып, будамайлап өткөрүп жатат. Бүгүн дагы ушул эле көрүнүш кайталанууда.

Ошентип, Баш мыйзамдын түп нускасынын жоголушуна байланыштуу чуу, андагы кемчиликтер тууралуу билдирүүлөр учурдагы Конституцияны өзгөртүүдөн улам жаралды. Азыркы бийлик үчүн учурдагы Баш мыйзамдын кемчилиги көп, ошондуктан ал оңдоого муктаж документ катары көрсөтүүгө ыңгайлуу болгонун эксперттер белгилешет.

Көпчүлүк саясатчылар бул маселенин чын-бышыгына жетпей Конституциянын түп нускасынын жоголушу тууралуу талкуунун жүрүшү социалдык түйүндөрдө шакабага алынып, ал мамлекеттеги башаламандыктын белгиси катары сыпатталууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG