Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Розенблюм: АКШ Кыргызстанга көмөктөшө берет


АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча орун басары Дэниел Розенблюм 28-июлда аймактагы журналисттер менен телефон аркылуу басма сөз жыйынын өткөрдү.

Жыйында коопсуздук, жаңы келишимдер жана адам укуктары жаатындагы бир катар маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Билл Клинтондун, Жорж Буштун жана азыркы Барак Обаманын учурунда АКШнын Борбор Азия боюнча маселелерин тескеп келген, азыркы тапта АКШ мамлекеттик катчысынын аймак боюнча орун басары Дэниел Розенблюм эң башкы маселе катары 3-августта Вашингтондо өтчү С5+1 саммитине токтолду.

Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн жана АКШнын катышуусу менен өтчү саммит былтыр аймакты кыдырган мамлекеттик катчы Жон Керринин иш сапарынын жыйынтыгын да чыгарат, ага кошумча бир катар жаңы долбоорлор талкууланат, дейт Розенблюм:

- Акыркы ирет аймактын министрлери Самаркандда жолугушканда С5+1 бирикмеси жеке эле бири-бири менен пикир алышууга шарт түзбөстөн, конкреттүү натыйжаларды алып келүүчү форум болсо деп макулдашкан. Мына ушундан улам алар үч негизги багытта кызматташтыкты өнүктүрмөй болушкан. Биринчиси - экономикалык - Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын экономикалык карым-катнашын жакшыртуу, экинчиси – айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, үчүнчүсү - коопсуздук багыты, аймактагы террордук коркунучтар менен биргелешип күрөшүү жана Ооганстандын стабилдүүлүгүн камсыздоо.

Мына ушундай үч багытта кызматташа турган С5+1 форумуна азыркы тапта Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана АКШ мүчө болууда. Кыргызстанга байланыштуу маселелерге токтолгон Розенблюм күз айларында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин сапары учурунда жана жакында эле АКШ Конгрессинин делегациясын кыргыз бийлиги жылуу тосуп алып, эки тараптуу макулдашуу жаатында жемиштүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

- Бир нече айдан бери кыргызстандык кесиптештерибиз менен бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кызматташтык мындан ары да жакшы маанайда уланат деп ишенем. Көмөк программаларыбыз улана бермекчи. Биз бул Өнөктөштүккө өтө маани беребиз. Кыргыз мамлекетин жана элин колдоп, алар менен ымалабызды дагы да жакын улантууга ынтызарбыз.

Ошондой эле бул сүйлөшүүдө Азимжан Аскаровдун сотуна байланыштуу да билдирүү жасап, Розенблюм бул соттун жүрүшүн дыкат талдап жатышканын, Кыргызстан Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму баш болгон адам укуктарын коргогон уюмдарга мүчө катары кандайдыр бир чечим чыгарарда ал эл аралык институттардын эрежелерин көз жаздымда калтырбаса деген оюн айтты.

- Кыргызстан атуулдук жана саясий укук жаатында эл аралык макулдашууга кол койгонун билем. Ушундан улам кылмыш ишин иликтөөдө жана соттук иштерде бир катар эл аралык нормалар боюнча жоопкерчилиги бар. Мамлекет мына ушул эрежелердин сакталуусуна кепилдик кылса дегим келет. Бул иштин мындан аркы жүрүшүндө ушул жагдайлар эсепке алынат деп ишенем.

Мындан тышкары басма сөз жыйынында аймактагы коопсуздук, террорчулукка каршы Борбор Азия менен АКШнын биргелешип иш алып баруусу, Өзбекстандагы адам укуктары жана Казакстандагы сөз эркиндиги боюнча да суроолор берилди.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG