Балыкчы: мунайдан чыккан коркунуч
Балыкчыда Ысык-Көл жээгин көздөй жер алды менен мунайзат жылжып агып баратканы тууралуу уктуңуз беле? Жер кыртышындагы карамай өткөн кылымдын аягында нефтебазанын түтүгү жарылгандан кийин пайда болгон. Жергиликтүү экологдор, тезинен чара көрүлбөсө Кыргыз берметинин экосистемасын олуттуу коркунуч тооруп турганын эскертип жатышат.