Бүгүн Варшавада өтүп жаткан НАТО саммитинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Йенс Столтенберг уюмга мүчө 28 өлкөнүн баары тең бул маселеде бирдей пикирде экенин билдирди.
Столтенберг Франция президенти Франсуа Олланддын "Орусия эч кандай коркунуч жаратпайт, ал биздин өнөктөш" деп кечээ айткан сөзүн комментарийлеп Москва мурда күтүлгөндөй стратегиялык өнөктөш боло албаганын, бирок ошол эле маалда "кансыз согуш" курсуна да кайтпаганын айтты.
- НАТО мүчөлөрүнүн бирине да коркунуч жаралган жок, бирок бүгүнкү кырдаал альянс үчүн таптакыр жаңы, - деди ал.
Орусияга жакын жерде төрт батальон болот
Варшавада өтүп жаткан НАТО саммитинин катышуучулары Орусияга жооп иретинде Балтика өлкөлөрүнө жана Польшага аскер жайгаштыруу чечимин расмий түрдө кабыл алышты.
АКШнын миң аскер кызматкери Польшага жайгаштырылары тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Варшавада өткөн НАТО саммитинде билдирди.
АКШ баштаган батальон Польша менен Литванын ортосундагы чек аранын 100 километрлик тилкесине жакын, Беларус менен Орусиянын Калининград облусунун ортосундагы жерде орун алат. Бул тилке өзгөчө мааниге ээ, себеби чыр-чатак тутанса, Орусия аны басып алып, Балтика мамлекеттерин НАТО өлкөлөрүнөн тороп калышы ыктымал.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жума күнү саммиттин биринчи жыйыны бүткөндөн кийин:
- Биз алянстын чыгыш тарабындагы аскерлер санын төрт батальонду жайгаштыруу менен көбөйтүүнү чечтик. Алар Польшада, Эстонияда, Латвияда жана Литвада болот, - деп билдирди.
Столтенберг мурдараак прессага чыгып кеткен Эстонияда британиялык, Латвияда канадалык, Литвада немис, Польшада америкалык батальон жайгашат деген маалыматты ырастады.
Төрт батальон план боюнча базаларда ротациялык негизде жайгаштырылат, бул демек, союздаштар ал жерде дайыма болуп, ички курам гана алмашып турат дегенди билдирет. Айрым батальондогу атайын роталар НАТОго кирген башка өлкөлөрдөн болот.
Би-би-синин маалыматы боюнча, Балтика өлкөлөрүндөгү батальондор Орусия чек арасынан окчун жерде жайгашат.
Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс жума күнү бул батальондор Орусиянын аракеттерине жооп экенин айтты:
- Орусия айтып жаткан нерселер жөн гана пропаганда. Аскерлердин санын же “күтүүсүз текшерүүлөр” деп аталган аскердик окуулардын санын салыштырсак, НАТО тарабынан ал нөлгө тете. Ал эми Орусияныкы 2015-жылы эле 25 жолу болду. Биз муну жооп иретинде алдын ала даярдалган чечим деп эсептейбиз, - деди Линкявичюс журналисттерге.
Орусиянын жоопкерчиликсиз мамилеси
Эстониянын коргоо министри Ханнес Хансо Би-би-синин орус кызматына берген маегинде Орусиянын реакциясы белгилүү экенин, бирок НАТО ал позицияга карап аракет кылбашы керектигин айтты:
- Биз Орусия эмне деп айтарын дайыма билгенбиз. Ал биздин ички ишибизге аралашып, таасир көргөзүүгө өзүн акылуу деп сезет. Жакында Македонияга барып Орусия ал жакта да кийлигишип, талап коюуга аракет кылганын көрдүм.
Польша ТИМнин башчысы Витольд Ващиковский батальондорду НАТОнун чыгыш канатына жайгаштыруу Орусия менен алаканы оңдоого аракет экенин билдирди.
- Биз өз жоопкерчилигин билбеген улуу коңшубузга белги берип атабыз. Чыгыш канатты чыңдоо диалогго карай кадам болмокчу, - деди Ващиковский журналист берген суроого жооп берип жатып.
НАТО өлкөлөрүнүн саясатчыларынын жарымы Орусия менен мындай диалог зарылдыгын мурдатан бери эле айтып келишет.
Айрымдары гана маал-маалы менен акцентти башкага жасаганын байкоого болот. Мисалы, Франциянын президенти Франсуа Олланд Варшава саммитинде "Орусия Франция үчүн душман дагы, коркунуч дагы эмес, өнөктөш" деп айтты.
Орусияга карата жумшак мамиле кылгандар арасында Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана Италиянын премьер-министри Матео Ренци да бар.
Крымды аннексиялап алган Орусиядан тышкары учурда НАТО өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун согушкерлери, киберчабуулдар, Европадан башпаанек издеп барган качкындар сыяктуу көйгөйлөрүн да талкуулады. Ошону менен катар Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу чечими да айрым суроолорду жаратып жатат.