Жыйырмадай бугу-марал кармалган бул коруктун тосмосу 15-июнда жанынан аккан сайдын суусу ташып, карагай кулаган кезде талкаланган. Бирок маралдар жоголду дегенге ишенбей, шек санагандар да жок эмес.
Нарын шаарынан 50 чакырымдай алыс жайгашкан “Бугу-Марал” жаратылыш коругунда кырка тизилген боз үйлөрдүн жабуулары өйдө түрүлүп, кудум этек-жеңин кымтыган кишинин элесин берет.
Сайдагы суу биз барган убакта тартылып калган экен. Коруктун кызматкерлери сел боз үйлөрдү да каптап, түбү бош карагайларды да агызып кеткенин айтышты.
Анын айынан бул аймакта корулган 20 бугу-маралдын алтоо сыртка чыгып кетүүгө үлгүргөн экен. Нарын улуттук жаратылыш коругунун директору Миртемир Турдалиев кайберендерди жайына кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтты:
- Коруктун 25 метрдей жери суунун үстүнөн тор өткөн. Ошол тордун жээгинде карагай бар эле. Карагайдын түбүн суу жеп отуруп, суу көп келгенде кулатып кетиптир. Мындан улам тор талкаланып, четте жүргөн алты марал чыгып кеткен. Учурда анын үчөөн таап келип киргиздик. Калган үчөөнү да издеп жатабыз. Бирок жаан-чачындын айынан жакшы кароого да мүмкүнчүлүк жок болуп атат. Азыр корукчулар маралдардын бирин көрүптүр. Туман да каптап жатат.
"Бугу-марал" жаратылыш коругу өзгөчө корулган аймактардын катарына кирет. Анткени өлкө боюнча бугу-маралдар байырлаган корук бир гана Нарын облусунда сакталып калган.
Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын директору Болотбек Калыбек уулу жаратылыш кырсыгына каршы туралбасын айтты:
- Ошондой сел адамды деле агызып кетет. Бугулар колдо багылгандыктан жарым жапайы болуп калган. Эгер табылбай калса, жашап кетиши толук ыктымал. Бирок алыстап деле кетиши мүмкүн эмес. Ошол эле айланада жүрсө керек.
Деген менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын экология инспектору Рудбек Абдраев коруктан чыгып кеткен бугулар аңчынын курмандыгы да болушу мүмкүн деген оюн айтты. Анын айтымында, коруктан чыккан маралдарды көргөн эч ким болгон эмес.
- Ошол корукта бугу-маралдарды коруп, 20-30 киши иштеп жатат. Өзгөчө корулган аймак болгондон кийин жакшы кайтарууда болушу керек эле. Анан чыгып кеткенин айтышты. Дагы бир өкүнүчтүү нерсе бар. Маралдар аңчынын курмандыгы да болушу мүмкүн. Буга кескин чара көрүлүшү керек. Сел болуп тосмо талкалап кеткенин айтышты. Суунун деңгээли көтөрүлүп жатканда коопсуз жакка которуп жиберүү керек эле. Шалаакылык болду. Эмнеге кырсыктын алдын алышкан эмес?
Абдраев корук расмий түрдө ишке киргенден бери акыркы 15 жылда багуудагы бугулардын саны көбөйбөгөнүн кошумчалады. Коруктун директорунун да акыркы айдагы алмашуусу ушундан улам болушу ыктымал дейт.
"Бугу-марал" коругу 1988-жылы уюшулган. Корукта багуулады бугу-маралдардан сырткары 400гө чукул тоо теке бар. Аларды атайын көргөнү жыл сайын жергиликтүү коноктор жана чет элдик туристтер байма-бай келип турат.