Граффити
Ош шаарына көрк берген көчө галерея
Ош шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык жайлардын дубалдары бир гана жарнамалар менен эмес, кадимки колго тартылган сүрөттөр менен да кооздолгон. Граффитилерде салттуу жазуулар менен кошо Экинчи Дүйнөлүк согуштун баатырлары, милиция кызматкерлери жана мультфильмдердин каармандары чагылдырылган.

21
Youth of Osh коомдук бирикмесинин PEACE долбоорунун алкагында Ак-Буура дарыясынын жанына, Рыспай Абдыкадыров атындагы көпүрөнүн алдына да тынчтыкка үндөгөн жаңы граффити тартылды. Бул сүрөттүн сыясы али кургай элек.