Ишкерлер “Мадинадагы" кымбаттоого нааразы
Товарлардын кымбатташына байланыштуу Бишкектеги “Мадина” базарына тигүү цехтеринин жүзгө жакын кожоюндары чогулуп, базар жетекчилигине нааразылык билдиришти. Алар бааны сатуучулар өздөрү каалагандай кымбаттатып, эски товарларга да жаңы бааны коюп алышканын билдиришти. Айрым сатуучулар баанын өсүшү базардын жетекчилигинин тапшырмасы экенин да айтып жатышат.