Зардалыда ФАП курула баштады
Баткендин Зардалы айылында айыл түптөлгөнү алгачкы жолу медициналык мекеме курула баштады. Демилге эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат. Мекеме ушул жылдын аягына чейин бүтөөрү пландалган. Баткен районунун алыскы Зардалы айылына 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын жоочулары бастырып кирип, бир ай бою айылды барымтада кармап турушкан. Учурда Зардалы айылы кыргыз чек арачыларынын атайын бөлүгүнүн көзөмөлүндө турат. Айылда туруктуу 30дай үй-бүлө жашайт. Ал эми жай айларында айылга баргандардын саны миӊден ашат. Бирок ушул күнгө чейин айылда электр энергиясы, телефон байланышы жок. Медициналык тейлөө жоктугунан бул айылда үйүндө төрөгөн учурлары да болуп турат.
Чыгарылыштар
-
Август 25, 2025
Жеңиш чокусунда калган Наговицинаны куткаруу аракети уланат
-
Август 25, 2025
Жеңиш чокусунда калган альпинисттин тагдыры белгисиз
-
Август 25, 2025
Орусия Сумы облусун, Украина Балтикадагы орус портун аткылады
-
Август 25, 2025
Кыргыз-өзбек-кытай темир жолун куруу Ак-Талаада башталды
-
Август 22, 2025
Токаевдин сапары: Чек ара, соода-сатык, "Алтын-Кыран"
-
Август 22, 2025
Израил Газа шаарына чабуул баштап, ХАМАСКа талап койду