Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Ноокенде дыйкан мээнети күйүп жатат


Кыргыз базары
Кыргыз базары

Ноокен районунун Достук айылынын дыйкандарынын талаадагы жашылчалары базарда өтпөй кала берүүдө. Ошол себептүү алар өкмөттөн жардам сурады.

Адистер бул жагдайды коңшу өлкөдөн мыйзамсыз кирип жаткан жер-жемишке жана быйыл жылдагыдан көп жашылча эгилгени менен байланыштырат.

Достук айылынын тургуну Алмакан Давлетованын 10 тоннага жакын помидору кардары жок талаада чирий баштады. 40 сотых аянтка эккен жашылчасынын алгачкы гана түшүмүн 3 сомдон сатууга үлгүрүп, андан бери помидорлор талаада кала бергенин айтып кейиди.

- Мына, көрүп турганыңардай баары талаада чирип жатат. Кайда алып барып сатышты билбейбиз. Жолдун жээгин көрүп жатасыңар, жашылча көп. Кеткен чыгымыбызды да актабай жатат. Помидорду өстүрүүгө январь айынан баштап эле киришкенбиз. Өзүм насыя алып эктим. Азыр 1 сомго да кардар жок. Бишкекке кечээ балам алып барды эле, ал жакта дыйкан базарга кире албай коюптур. Дыйкандарга көмөк көрсөтсө жакшы болмок. Көчөдөн өткөндөргө жалдырап, эптеп алып кет деп жатабыз. Минтип чиригенге караганда бирөө бекер болсо да алып кетип керегине жаратса болмок. Ошол адам да жок азыр.

Кыргыз базары
Кыргыз базары

​Дыйкан мындан сырткары бир гектар аянтка бадыраң жана коон өстүргөн. Бадыраң талаасы дээрлик кургап калып, коондору азыр талаада өз кардарын күтүп жатат. "Коңшу өлкөдөн мыйзамсыз өткөн жашылчалар базарларды ээлеп, жергиликтүү дыйкандын түшүмү сатылбай калууда", - дейт.

- 40 сотых жердеги бадыраң сатылбай куурап калды. Коон да жетилип, ал да талаада саргайды. Коңшу Тажикстан менен Өзбекстандан оор жүк ташуучу автоунаалар менен жашылчалар өтүп жатат. Аларды чек арадан тыйса, жергиликтүү дыйкандарга жеңил болмок. Бишкектеги дыйкан базарды да чет өлкөлүк номерлүү КамАЗдар ээлеп алган. Караган эч ким жок. Баары чоңдордуку окшойт.

Ош-Бишкек жолунун жээги дыйкандардын жашылча сатчу базарына айланган. Бирок ал жерде алуучуга караганда сатуучу көп.

Жалал-Абад: түшүм сатылбай, дыйкан убара
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Эгин талаасына чогулган 30га чукул дыйкан өкмөттөн бул багытта көмөк сурашты. Алардын бири Орозмамат Осмоналиев буларды айтты:

- Өкмөт дыйкандардын абалын бир карап койсо. Биздин үнүбүздү жогорку жактагыларга жеткиргиле. Азыр мындагылардын баарынын абалы ушундай. Азыр эптейбиз, кыштан бизге окшогон дыйкандар кирешеси жок кантип чыгабыз? Көбү насыя алып, жерди ижарага алып иштебиз. Алардын абалы кантет? Жер салыгынан быйыл дыйкандарга көмөк бербесе болбойт. Бишкектеги дыйкан базарларда жашылчалар чирип, жыттанып жатат. Өкмөттөн, парламенттен же Президенттик аппараттан дыйкандын абалын сурап келген бир жетекчи жок. Мен силер аркылуу ошолорду чакырат элем, жардам бериңиздер.

Кыргыз базары
Кыргыз базары

Ал эми Достук айыл аймагынын башчысы Замир Мамасадыков быйыл дыйкандар Бажы биримдигине үмүт артып, жылдагыга караганда жашылчаларды көп эккенин белгилеп, өкмөт чек арага көзөмөлдү күчөтсө жакшы болмоктугун айтты:

- Быйыл чындыгында көпчүлүк дыйкандар Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, жашылчалар Орусия менен Казакстанга чек арасыз экспорттолот деген үмүт менен көп эгишкен болчу. Бирок азыр алардын үмүтү акталбай жатат. Биз бул маселени райондук-облустук деңгээлде көтөргөнүбүз менен орунсуз калууда. Жогорку бийлик чек араларды бекемдеп, мыйзамсыз жүктөрдү өткөрүүнү тыйса дыйканга эле жакшы болмок. Көбүнчө азыр Тажикстандан Баткен аркылуу жашылчалар өтүүдө. Булар суранган жер салыгы боюнча карап көрүшүбүз керек.

Аймакта азыр 100 тоннадан ашык помидор, бадыраң жана коон талаада зыянга учуроодо. Быйыл облус аймагында 5 миң гектардан ашык аянтка жашылча эгилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1200 гектарга көп.

XS
SM
MD
LG