Нарын: кооптуу жерден коркпогондор
Нарында ыктымал көчкү, сел өңдүү жаратылыш кырсыктарын эске албай, кокту-колотторго үй салып, отурукташып алгандар көбөйүүдө. Өкмөттүн компенсациясын алып, бирок коркунучтуу жерлерден көчпөй отургандары да аз эмес. Кооптуу аймакта жашагандардын турмушу менен Мирлан Кадыров таанышып келди.