Бишкектин түндүк тарабындагы негизги таштанды чогултуучу жайда 2,5 миң чарчы метр жер өрттөндү. 28-майга караган түнү кечки тогузда башталган тилсиз жоону өрт өчүрүүчүлөр таңкы саат алтыда араң өчүрүшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 90 тонна суу керектелгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Таштанды талаасында өрт чыкты
1
Кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч келген жок
2
Алдын ала чыккан маалыматтарга ылайык, өрттү кимдир бирөөлөр атайын чыгарган болушу мүмкүн.
3
Мында акыр-чикир чогултуп иштегендер бул таштанды жайда өрт күн алыс болуп тураарын айтышат.
4
Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасында учурд 6 млн. тоннадан ашык акыр-чикир бар.
5
6
Учурда бул жерди коюу түтүн каптап, таштанды үйүлгөн дөңсөөлөр капкара болуп күйүп калды. Бирок ага карабай анда иштегендердин бири таштандыларды таптап жатса, башкалары ал жердеги акыр-чикирлерди иргеп жүрөт.
7
8
9
10