Жер-Жылдызы Жерге-Тал: Сайфаридин
Сайфаридин Кудайкулов Тажикстандын Жерге-Тал айылында туулуп өскөн. Ал ферма башчысы болуп турган 1996-жылы Дүйшөмбүдөн келген "Каримша" деген баш кесердин желдеттери Жерге-Талда бийликти басып алат. Алар Сайфаридинди койдой сабап, эртеси үйүн айланта ок атып, жүрөгүнүн үшүн алып, акыры Тажикстандан качууга мажбурлашат. "Каримша" эки жылдан кийин өкмөттүк күчтөр менен кагылышта окко учат. 41 жашында Сайфаридин чиедей жаш алты баласы менен Чүйгө келип, азыр Васильевка деген айылда үй бүлөсү менен очор-бачар болуп жашайт. Мындан 18 жыл мурдагы окуяларды Сайфаридин ичине катып жүрүп, эми гана ачыкка чыгууга батынып турат.
Чыгарылыштар
-
Апрель 14, 2025
Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
-
Апрель 13, 2025
Орусия: Мончодогу окуя мигранттар көйгөйүн козгоду
-
Март 14, 2025
“9400 евро акчамды бербей жатат”
-
Март 04, 2025
Нуракун уулу: Баладан мурун ата-энени агартуу керек
-
Февраль 06, 2025
Орус бийлиги "кылмыш кылган мигранттар" көбөйгөнүн билдирди