Жер жылдызы Жерге-Тал: Хамид агай
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылындагы мектепте кире бериште Хамид Бороновдун тажик президенти менен түшкөн сүрөтү дароо көзгө урунат. Бишкекте улуттук уноверситетти бүтүргөн Хамид аксакал бул мектепте 40 жылдан ашык мезгилден бери сабак берет. Жарандык согуштун мезгилинде тарых музейин ачкан. Миңдеген баалуу экспонаттары менен таанылган музейге район бийликтери жер бөлүп берип, имарат ашар жолу менен курулууда. Жакында жергеталдык жазуучу, Кыргызстанда жашаган Аким Кожоев агайына учурашканы келип, ал мектепте кыргыз тилинде китеби жок сабак өтүп жатканына күбө болду. Кожоев Хамид агайдын жаңы түшүп жаткан музейин да көрүп кайтты.
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2026Вандык кыргыздар: Памирден уланган мурас
-
Март 04, 2026Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
-
Март 02, 2026“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
-
Февраль 23, 2026“Англияга бешинчи жолу жөнөдүм”. Мигранттар Британияга бет алды
-
Январь 21, 2026Немис канцлердин партиялашы Раушан