Кылмышкерлер өзбекстандык экени аныкталганы менен, коңшу өлкөнүн күч кызматтары аларды Кыргызстанга берүүдөн баш тартууда. Жашоочулар болсо чек ара бекемделмейин мындай көрүнүштөр токтобойт деп кабатыр. Ички иштер министри Мелис Турганбаев да Аравандга барган кезде мал уурулукту токтотууга убада берди.
Сүт-каймактан куру калган үй-бүлө
Араван районунун Төө-Моюн айылынын жашоочусу Бакытбек Максытов да уюн уурдатып жиберген. Анын беш бодосун өзбекстандыктар чек арадан ары алып кирип кетишкен. Максытовдун пикиринче, бул ууруларга коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлери жардамдашат:
- 17-апрелде биздин айылдан сегиз баш малды айдап кетишкен. Изин кууп барсак, чек аранын ачык жеринен Өзбекстанга өтүп кеткен экен. Андан көп узабай дагы он баш малды уурдашты. Барсак, дагы эле ошо жерден кирип кетишкен. Изинен байкасак, алар төрт кишиден турат экен. Бул түндө саат 4-5терде болуп жаткан окуялар. Азыр эмне кылышты деле билбей калдык. Анткени бул уурулар атайын даярдыктан өткөн жана өздөрүнүн чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүп алгандай. Алар кирип кеткен жерден 100 метр ары Өзбекстандын чек арачылары турат. Алар уурулар менен келишип алып иш кылып атышса керек.
Аравандык башка бир тургун Гүлмира Тажибаева кичинекей балдарын багып жаткан сүттөн кур калганына 15 күндөй болду. Анын эки уюн, туугандарынын бодо малы менен кошо уурулар Өзбекстанга айдап кирип кеткен:
- Өзү сак-сактап, түнү менен тынбай уйларды карап жатканбыз. Түнкү саат төрттө жолдошум чыгып караган экен. Анан эле ошо үйдүн алдында байланып турган жеринен эки уйду, музоосу менен айдап кетишиптир. Уйдун тууганына 17 эле күн болгон. Сүт-каймагын балдарыма берип, эптеп жан багып жатканбыз. Аны шаардагы эки студент балама да жөнөтчүмүн. Бизде кургакчылык болгондуктан, дыйканчылык көп киреше алып келбейт. Эми болсо караан туткан уйдан да айрылып калдык. Биз эле эмес агаларыбыздын да жети-сегиз уюн алып кетишкен.
Алакан жайган күч органдары
Араван районунун Төө-Моюн айыл округунан бир ай ичинде эле 28 баш малды коңшу өлкөгө уурдап кетишкен. Өткөн жылдары да ушундай окуялар орун алганы менен, мынчалык көп болчу эмес экен. Ошондуктан жергиликтүү эл жыл аягына чейин дагы жүздөгөн малды алдырып жиберебизби деп кабатыр болушууда.
Күч органдары болсо өзбекстандык кесиптештери кызматташпай жатканы үчүн бул кылмыштардын бети ачылбай келатканын айтууда.
- Биз ууруларды кармоо үчүн колдон келген аракетти көрүп жатабыз. Бирок кылмышкерлердин баары коңшу өлкөнүн тургундары. Аларды кармап бергиле, жардамдашкыла деп өзбекстандык кесиптештерибизге айтсак, таптакыр үн катпай жатышат. Анткени өзбек милициясы биз менен кызматташса, аларды да өздөрүнүн УКМКсы кысымга алат экен. Ошол себептүү бул кылмыштар боюнча алар тараптан үн жок. Жазган каттарыбызга да, телефон чалууларыбызга да такыр жооп жок, - деди Төө-Моюн аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Дадан Дүйшөев.
Араван району Өзбекстандын үч району менен чектешет. Бул аймакта кыргыз чек арачылары аздык кылат. Ошондуктан кылмышкерлер Кыргызстанга оңой-олтоң эле кирип кетип жатат дешет жергиликтүүлөр. Анысы аз келгенсип чек аралаш аймактарда милиция кызматкерлери да дээрлик жетишпейт экен.
Бул маселелер боюнча жергиликтүү калк менен жолугушканы келген ички иштер министри Мелис Турганбаев буларга токтолду:
- Төө-Моюн айыл округунда азыр беш милиция бар экен, аларга дагы 15ти кошуп беребиз. Алар кезек-кезек менен күзөтүүнү күчөтөт. Калк койгон маселелерден Ички иштер министрлигине тиешелүүсүн мен чечип берем. Анан чек арага байланыштуу көйгөйлөрдү өкмөткө жеткирем. Тилекке каршы, Өзбекстан менен мамилебиз азырынча жакшы эмес. Биз кол сунуп атабыз, алар кенебестик кылып жатат. Сентябрда КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин атайын жолугушуусу болот. Ошол жерде Өзбекстандын ИИМнин башчысы менен сүйлөшүп, бул маселени чечебиз.
"Чек ара бекемделбесе, уурулук токтобойт"
Кантсе да аравандыктар мал уурулук жакын арада тыйыларына ишенбейт. Алар бул үчүн алгач чек ара бекемделиши керек дешет. Аравандык Ашыралы Жолдошев жергиликтүү элге “жарандык чек арачы” статусун берүү демилгесин кабыргасынан коюп жатат:
- Сыртынан жөнөкөй эле көрүнгөнү менен мал уурулук өтө татаал маселе. Түз айтканда көйгөй чегине жетти. Эл жанынан тоюп турат. Тиги уурулар бизге бычак менен кирип атабы, автомат менен кирип атабы, көрбөгөндөн кийин билбейбиз. Ошол себептүү, адамдар уурдап кетип аткан малдарын алардын колунан жулуп алыштан да коркуп турат. Анткени алар бала-чаканы, же адамдарды атып салабы, ким билсин. Муну тез арада чечүү керек. Анүчүн биринчи кезекте чек араны тактап, мыктылап коргоо керек. Эгер мамлекеттин алы жетпей атса, жергиликтүү калктын колуна курал берип, чек арачылардын кошуунун түзсүн, биз чек араны өзүбүз коргоп алабыз. Болбосо бул нерсе уланганы уланган.
Өткөн жылы Жалал-Абаддын Аксы районунда 100дөн ашуун бодо мал, 200гө жакын кой-эчки Өзбекстанга уурдалып кеткен. Быйыл ал жакта бул кылмыш азайды. Сыягы, коңшу өлкөнүн уурулары эми Ошко, анын ичинде өзгөчө Араван районуна “аңчылыкка” өткөн сыяктуу.