Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

Жапаров: Эжемди Кыргызстандан өзүм чыгарып кеткем


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал "сот болорго жакын эжеси качып кетти" деген маалыматтарды төгүндөп, аны үй-бүлөсү менен өзү мурда эле Кыргызстандан чыгарып кеткенин айтты. Учурда Жапарова Варшавада жашап жатат.

- Мен китеп чыгарар алдында бийликтегилер өкүлүн жөнөтүп, китеп чыкса эжем 24 жылга соттолорун эскертишкен. Ошондон кийин мен эжемди үй-бүлөсү менен чыгартып кеткем. Ал эми ачылган кылмыш иш боюнча эжемдин эч тиешеси жок. Бул саясий иш болууда, - деди Жапаров.

Айрым маалымат каражаттары 3-апрелде Бишкек шаардык соту Райкүл Жапарованы 10 жылга эркинен ажыратканын жазышкан.

Ал “Ысык-Көл Инвестбанкка” байланыштуу Кылмыш кодексинин “коррупция”, “алдамчылык” жана “арам акчаны адалдоо” беренелери боюнча айыпталууда. Ушул иш боюнча мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев жана анын санаалаштары саналган "Азия универсал банктын" директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Наделге, каржы кеңешчиси Евгений Гуревичке сырттан айыбы угузулган.

Учурда Варшавада жүргөн Садыр Жапаров жыл башында “Саясатка аралашкан 10 жыл” деген китебин чыгарып, азыркы бийлик башында отургандарды сындаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG