Жалал-Абадда СПИД илдети менен төрөгөн эненин бир баласы өлүп, эки баласы жетим калганы турат. Окуяны кененирээк аймактагы кабарчыбыз Руслан Калматов айтып бермекчи.
Акыркы учурда айыл жергесинде көп балалуу болгон жаш энелер катталууда. Бирок ошол эле маалда аларга жеңилдиктер жетиштүү каралганбы? Нарындагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров ушул темага кайрылды.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кээде кордук көргөн аялдын өлүмү менен аяктаган учурлар арбын. Алардын бири жакында эле Ош облусунда катталды. Бул тууралуу кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун баянында.
Аялдар тарабынан жасалган кылмыштардын түрлөрү, алардын жаза өтөө маалында аткарган иштери, шарттары, түйшөлткөн ойлору, тилектери, каалоолору тууралуу кабарчыбыз Айгерим Акылбекованын макаласында кеп болот.
Кыргызстанда аялдардын укуктары толук корголгонбу? Бул суроону кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов коомдогу ар тармактын өкүлдөрүнө узатып, жооп издеди.
Кыргызстанда кыз ала качуу көрүнүшү азайды, эл анын салт эмес, кылмыш экенин билип калышты. Филадельфия университетинин профессору, кыз ала качууну иликтеп жүргөн эксперт Рассел Клейнбах менен Канымгүл Элкеева маектешти.
-
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.
-
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.