Донецкте троллейбус аткыланды
Украинанын чыгышында жикчилдер кармап турган Донецк шаарында аялдамадагы жардыруудан кеминде беш киши набыт кеткени кабарланды. "Интерфакс" өлгөндөрдүн саны тогузга жеткен болушу мүмкүн деп маалымдайт. Россия-24 каналы 13 кишинин өмүрү кыйылды деп билдирди. Жарылуунун себеби анык эмес, троллейбуска ок тийген болушу мүмкүн деп айтылууда.