Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Кыргызстандык башкарган кылмыш тобу кармалды


Укук коргоо органдары маалымдагандай, кылмыштуу топ Москва жана Подмосковьеде бир катар теракттарды даярдоого киришкен.
Укук коргоо органдары маалымдагандай, кылмыштуу топ Москва жана Подмосковьеде бир катар теракттарды даярдоого киришкен.

Өткөн жумада кармалган ГТА кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Москвада жана Подмосковьеде теракттарды пландап жатышкан.

Акыркы бир нече ай ичинде 14 айдоочунун өлүмүнө шектелип жаткан бул топтун башчысы Кыргызстандан барган адам экенин Орусиянын РЕН ТВ каналы маалымдады.

Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ГТА – бул Орто Азиядан келген сегиз киши уюштурган, мыкты даярдалган кылмыштуу топ экени белгилүү болду.

Топтун кеңири курамына он бештей адам кирген жана жаңыларды атайын текшерүүдөн өткөрүп, бери дегенде бир кишини өлтүргөндөн кийин гана мүчөлүккө алышкан.

“Известия” басылмасы кабарлагандай, бир нече айдан бери кан жолдо өлтүрүлгөн айдоочулар ушул коркунучтуу топтун мүчөлөрүнүн курмандыгына айланышкан.

Эксперт-криминалист Михаил Виноградов кылмышкерлер өз иштерин өтө дыкаттык менен аткарышканын белгилейт:

- Алар кылмышты кантип жасаганына караганда, бул адамдар же мурда атайын кызматтарда иштеп келген же абдан жакшы даярдыктан өтүшкөн.

Топко жаңы кошулгандар адамдарды өлтүрүп жаткан кезде, ГТАнын башчылары масштабдуу долбоорлорго даярданып жаткан. Топтун жашыруун кампаларынын биринде жүз килограммга жакын жардыруучу зат - гексоген табылган.

Укук коргоо органдары маалымдагандай, кылмыштуу топ Москва жана Подмосковьеде бир катар теракттарды даярдоого киришкен.
Орусиянын коопсуздук күчтөрү бул банданы сентябрь айынан баштап аңдыган.

Дон федералдык трассасында атылган айдоочунун өлүмүн иликтеген криминалисттер гильзадан колдун тагын жана адамдын терин аныктай алышкан. Ушундан кийин гана полицияда кылмышкерлердин бирине таандык генетикалык материал пайда болгон.

Орусиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин учурда топтун төрт мүчөсү качып жүргөнүн айтууда. Бирөө жок кылынды. Беш кылмышкер камакка алынды.

Топтун негизги курамын тажикстандык, өзбекстандык жана кыргызстандыктар түзгөн. Топтун башчыларынын бири атайын операция маалында жок кылынган Рустам Усманов кыргызстандык экенин РЕН ТВ телеканалы маалымдады.

Усманов Орусиянын Башкы прокуратурасынын өкүлү Алексей Староверовдун дачасында жашап жүргөн жеринен кармалган. Бул иш боюнча Староверов дагы көрсөтмө берип жатканын Орусиянын Биринчи каналына Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Марина Гриднева билдирди:

- Башкы прокуратура Староверовго карата атайын кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Иликтөөнүн аягына чейин ал убактылуу иштен бошотулду.

Тергөөчүлөрдүн эсебине караганда, бул коркунучтуу топ он төрт адамдын өмүрүн кыйганы белгилүү болду, алар жасаган кылмыштын саны мындан да көп болушу ыктымал.

ГТАга кирген бардык мүчөлөрдүн ролдору так пландалып бөлүштүрүлгөн. Айрымдары адам өлтүрүүгө барганда, башкалары аларды сыртынан акмалап турган. Кылмышкерлер ар бир операцияны майда-чүйдөсүнө чейин кылдат даярдап, анан ишке ашырган.

Топтун курмандыктары киши өлтүргүчтөрдүн колуна кокустан кабылган адамдар экени маалым болду. Адатта кылмышкерлер жолго тикенектүү зымдарды тартып коюшчу. Анын үстүнөн өткөн автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу аны алмаштырганы чыкканда зөөкүрлөр капыстан кол салышкан.

Бул кылмыштуу топтун бети ачылгандан кийин айрым орус медиа каражаттары аны “Ислам мамлекети” радикалдык уюму менен байланышы бар экенин айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG