Белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун “Дочь Советской Киргизии” аттуу иллюстрациясынын заманбап көрүнүшү №12 мектеп-гимназиянын дубалынан орун алды. Жаңыча көз караштагы сүрөтчүлөр Евгений Мокшаков, Сергей Келлер жана Дмитрий Петловский кызыл жоолукту кыйгач байланган кыргыз кыздын колундагы китептин ордуна планшет карматышкан. Авторлордун айтымында кыздын кулагындагы кулакчын жана колундагы планшет билимге умтулган азыркы жаштардын бейнесин чагылдырат. Аталган эмгектин расмий ачылышына долбоорду каржылаган АКШ элчилигинин өкүлү Лаура Грисмер катышты. Сүрөт граффити жанрында чачма боек менен тартылган.
“Советтик Кыргызстан кызынын” заманбап бейнеси

1
Кыргыз кызынын колундагы "Apple" компаниясы чыгарган планшеттин эн белгиси тиштелген алмурутка алмаштырылган. Сүрөтчүлөр аталган компаниянын автордук укугун бузбоо максатында тиштелген алмадан баш тартышкан.

2
Белгилүү сүрөтчү Чуйковдун мындан 66 жыл мурда жаралган эмгегин "DOXA" чыгармачыл тобу заманбап кылып кайрадан иштеп чыгууга эки жумадай убакыт сарпташкан.

3
Кулакчын маалымат алуунун жаңы ыкмасын чагылдырат.

4
Чуйковдун убагында билимге умтулган жаштардын маалымат алуу булагы жалгыз китеп болсо, эми аны планшет алмаштырды.

5
Ушул жылдын май айында америкалык белгилүү граффитист Габриэль Спектер Бишкекке келип, ушул эле мектептин башка бир дубалына кыргыздар менен түндүк америкалык индеецтердин оймо-чиймесин айкалыштырган эмгек жараткан.

6
Жаңыча көз караштагы сүрөтчүлөр Евгений Мокшаков, Сергей Келлер жана Дмитрий Петловский.