Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:29

“Вечерний Бишкекти” мелжегендер кимдер?


Медиа-холдингдин каржылык таянычы болгон “Рубикон” жарнак фирмасын салыкчылар тобу текшерди.

“Вечерний Бишкектин” редакциясы интернет сайтында 3-октябрь күнү кечинде, дем алыш күнгө карабастан анын эсепканасын салыкчылар тобу басып, бирок эч кандай мыйзам бузуу таппаганын жазып чыкты. Улуттук Оппозициялык Кыймылдын төрагасы, депутат Равшан Жээнбеков “Вечерний Бишкектин” айланасындагы окуяны бийликтин өлкөдөгү таасирдүү маалымат каражаттарын колго алуу аракети катары баалады. Бирок президенттин маалымат саясаты бөлүмү муну четке кагып, аталган басма үйү өзүнүн чарбалык талашын саясатташтыруу аркылуу сотко басым жасоого бел байлап жатат деп айыптады.

Тебеленген тырмоочтор...

“Вечерний Бишкектин” каржылык таянычы болгон “Рубикон” жарнак фирмасын салыкчылар тобу текшерди. Дем алыш күндөрүнө карабастан жүргүзүлгөн бул текшерүүнү редакция мындан он беш жыл мурун бул басма үйүн басып алган окуя менен салыштырды. Ага чейин басылма “Рубиконду” сот аркылуу тартып алуунун артында азыркы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турушу мүмкүн деп жоромолдогон эле. Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы, депутат Равшан Жээнбеков азыркы бийлик дагы мурдагы жолду кайталай баштады деп билдирди:

- Президент Атамбаевдин жакын тегереги учурда бардык таасирдүү маалымат каражаттарын толук көзөмөлгө алышкан. Бардык мамлекеттик телеканалардар менен гезиттерди жана Акипресс менен 24.KG сыяктуу маалымат агенттиктери менен кошо анын ичинде «Вечерний Бишкек» дагы алардын көзөмөлүндө болчу. Бирок алардын ичинен баса белгилей турган нерсе “ВБ” оппозициялык көз карашты анча-мынча чагылдыра калып жүрчү. Анан калса бул басылма бир эле маалымат таратуудан мурун жарнак рыногунда ири орду бар медиа бизнес. Ошондуктан бул жерде саясий жана экономикалык кызыкчылык биринчи орунга чыгып, бийликтин көзүн кызартып турган учур. Анткени шайлоого аз убакыт калды. Ушуга байланыштуу кызыкчылыктардын топтомунан улам иш-аракет башталды.

Бирок мындай доомат менен бийлик өкүлдөрү макул эмес. Өткөн жумада президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “Вечерний Бишкектин” анын дарегине карата жарыялаган дооматын акылга сыйбаган жалаа катары мүнөздөгөн болчу. Бирок жуманын аягында басма үйүн салыкчылардын текшергени боюнча расмий комментарий жарыялана элек.

Чарбалык талашты саясатташтыруу жүрүп жатабы?

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Вечерний Бишкектин” кожоюну чарбалык талашты саясатташтыруу аркылуу сотко басым жасоодо деп айыптады:

- Сотко басым жасоо үчүн мына ошол басылманын кожоюндары атайын аракет кылып жатышат. Мына ошондуктан атайылап бийликти ага аралаштырып туруп, басып алуу жүрүп жатат деген маалымат аркылуу коомдук пикир түзүүгө аракет болуп жатат. Бул туура эмес. Бул ишке бийликтин эч кандай тиешеси жок. Ага эч ким таасир эткен жок. Бирок мына ошол Рябушкин менен Ким мурдатан бизнес-өнөктөш болуп, илгертен келе жаткан чыры бар экени белгилүү. Бул ишке бийликти аралаштыруу менен сот чечимине таасир көрсөтүү жүрүп жатат.

Анткени сотко доо койгон Александр Рябушкин мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаевге үлүшүн сатып жиберип, кезинде аны басып алууга көмөктөшкөнү басылманын сайтында жарыяланды. 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Александр Ким менчигин кайтарып алган. Бирок мына ошондон бери Рябушкин бул медиа-бизнесте өзүнүн доосу бар экенин жарыялаган эмес. Медиа эксперт Алмас Турдумаматов бул мүлк талаш боюнча соттук териштирүүнү мындайча мүнөздөдү:

- Анан эми он жылдан бери унчукпай жүрүп, ушул учурда эле мына ошол басма үйүнүн жарнак агенттигине доомат коюп чыккан Рябушкиндердин аракети шек жаратат. Алардын үстүндө күчтүү кол турбаганда кокустан эле чыга калып, мынчалык аракетти баштамак эмес. Анан калса көп нускалуу жана кирешелүү басылмага ээлик кылуу саясий дагы, экономикалык дагы кызыкчылыкты козгойт. Анан калса бийлик канчалык танбасын, салыкчыларды дем алыш күндөрү аны барып текшерип калганы көп күмөн саноону туудурат.

Парламент үн катабы?

Жогорку Кеңештин илим, билим жана маалымат саясаты комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев “Вечерний Бишкектин” айланасындагы кырдаалга баа берүү үчүн аны күн тартибине киргизүү демилгесин көтөрдү. Каныбек Осмоналиев бул маселеге көз карашын мындайча билдирди:

- Бул маселе эми ар кайсы бийлик режими учурунда эле көтөрүлүп келген эле. Эми дагы ушундай маселе жаралып жатканы туура эмес. Анткени биз мына ошондой нерселер эми кайталанбайт деп ойлогонбуз. Бирок кайра кайталантып жатканы туура эмес. Ошондуктан биз бул маселени чоң деңгээлде карап, ага баа берүү жагын карашыбыз керек.

Сотко доо койуп, андан утуп чыккан Александр Рябушкин менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан анын дооматы эмнеге негизделгени боюнча маалымат азырынча чыга элек. “Вечерний Бишкек” Рябушкиндин пайдасына чыгарылган сот чечимин Бишкек шаардык сотуна даттана турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG