Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Freedom House каралоого каршы мыйзамга камтама


Эл аралык Freedom House уюму өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамга кол коюшуна камтамачылык билдирди. Бул тууралуу уюмдун Евразия боюнча программасынын директору Сьюзан Коркенин билдирүүсүндө айтылат.
Анда Freedom House уюмунун өкүлү бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөгө жол ачышы мүмкүн деп тынчсызданып, мамлекеттин акыркы жылдардагы сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилеген. Мындан улам эл аралык уюм Кыргызстандын жетекчилигин 2010-жылы башталган демократиялык жараяндарды улантууга чакырды.

Аталган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада кол койгон. Бул мыйзамда журналист, саясатчы же кимдир бирөө жалган маалымат таратып, аны сот далилдесе, 50 миң сомдон 200 миңге чейин айып пул, же 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.(BkA)

XS
SM
MD
LG