Сүлүктү шаар аймагындагы Кольцо айылы 1918-жылы Кыргызстанда Октябрь революциясы башталган аймак катары белгилүү. Учурда тургундарынын жарымы көчүп кеткен айыл аянычтуу абалда.
Ээнсиреген айылдагы турмуш

1
Бул аймакта көмүр өндүрүү 1868- жылдары башталып, негизинен шахтерлор отурукташкан.

2
СССР мезгилинде Сүлүктү шаар аймагынан жылына 1 млн. тоннага чейин көмүр өндүрүлүп, Орто Азиянын очогу аталган.

3
Айылдын эки жерине насос менен суу жеткирилип, чоң идиштерге толтурулат.

4
Учурда бул айылды аралап өткөн темир жол пайдалануудан калып, жумушсуздуктан улам 300 кожолук башка жактарга көчүп кетишкен.

5
Айыл тургундары эшек менен жөө-жалаңдап ичкенге суу ташып алышат. Айдоо жерлери жок.

6
Союз маалында Кольцо айылы республикалык камсыздоодо болуп, темир жол станциясынын айланасында 400 кожолук жумушчулар жашап турган.

7
Айылда бир-эки мал-жандык кармагандан башка киреше жок.

8
Жаштар негизинен жумуш издеп башка аймактарга, чет өлкөлөргө кетишет. Айылда ээн калган үйлөр көп.

9