Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Украин бийлигинин өкүлү Орусия тынчтыкка кызыкдар эмес экенин билдирди


Украин аскерлери
Украин аскерлери

Өткөн апталардагы АКШда өткөн Украинадагы согушту токтотууну көздөгөн саммиттерге карабай Кремль тынчтыкка жетүүгө кызыкдар эмес.

Дал ушул коркунучтардан улам украин бийликтери Батыштан көбүрөөк курал-жарак алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленскийдин администрациясынын кеңешчиси Михаил Подоляк "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде билдирди. 25-августтагы маегинде Подоляк Киев учурда АКШ жана Европанын расмийлери менен контрчабуул үчүн зарыл курал-жарактарды алуу боюнча активдүү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады.

“Биз учурда Орусия Украинанын аймагына чабуул кылуу үчүн кандай ресурстарды колдонуп жана канча каражат сарптап жатканын билебиз. Ошондуктан, Украинага керектүү курал-жарактарды көбөйтүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деди украин бийлигинин өкүлү.

Зеленскийдин командасынын жооптуу өкүлдөрүнүн бири болгон Михаил Подоляк мындай куралдардын катарына узак аралыка атылчу ракеталар, учкучсуз учактарды атап, булар согуштун жүрүш өзгөртүүгө мүмкүн болорун билдирди.

25-августта украин президенти Владимир Зеленский Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Украина өнөктөштөрүнөн америкалык курал-жарактарды сатып алуу үчүн ай сайын 1 миллиард доллардан кем эмес каражат алып турат деген ишенимин билдирди.

Соңку апталарда согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө карабай Орусия Украинага чабуулдарын улантууда. Соңку суткада Сумы облусуна чабуулдан бир адам каза болуп, онго жакын адам жаракат алды.

Шерине

XS
SM
MD
LG