Бүгүн Ош шаарында өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата шаардын жаштар комитети "Ден соолук марафону" аттуу веложүрүш уюштуруп, ага 300дөн ашык жаштар менен кошо шаар жетекчилиги бүт катышты. Оштун борбордук аянтынан башталган веложүрүш шаар көчөлөрүнүн 10 чакырымын кыдырып чыкты.