Кожомкул атындагы спорт сарайында 2-3-августта өткөн бокс мелдешине Орусия, Түркмөнстан, Кытай жана Кыргызстандын спортчулары катышты. Боксчулар он түрдүү салмак категориясы боюнча күч сынашты. Эки күндүк мелдештин негизги максаты – “Азия оюндары-2014кө” даярдык көрүү.