Айзада уулу менен жардам күтөт
1-топтогу майып Айзада Кошойбергенова тубаса шал оорусу менен төрөлгөн. 38 жашында Белек аттуу уулдуу болду. Бирок жолдошу баладан да, Айзададан да баш тартып кетип калган. Азыр 1,5 айлык ымыркайы экөө Бишкектеги жаңы конуштардын биринде бир бөлмө батирде жашайт. Бир айда алган үч миң сом жөлөк пулдун эки миңи батирдин акысына кетет. Миң сомун баласына памперс алып, анча-мынча тамакка ашырып жашап атыптыр. Көптөн бери өкмөттөн үй сурап, баарынан эле баш тарткан жооп алганын айтат. Быйыл кыш келсе бала менен кантем деп мамлекет жетекчилеринен, колунан келчү адамдардан жардам суроодо.