Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

"ВКонтакте" кремлчил олигархтарга өттү


"ВКонтакте" сайтынын түптөөчүсү Павел Дуров.
"ВКонтакте" сайтынын түптөөчүсү Павел Дуров.

Орусияда үстүбүздөгү аптада интернет эркиндигин чектөө аракеттери байкалды. Активисттер болсо интернет оппозиция үчүн олуттуу инструментке айланганын айтып, бийликтен бир кадам алдыда болушубуз керек дешет.

Мындан 8 жыл мурун Фейсбуктун орус тилиндеги аналогун түптөп, аны ийгиликтүү социалдык сайтка айландырган Павел Дуров эми өзүнүн жаңы долбоорлору үчүн жаңы жер издөөгө мажбур. Ал мурда чанда пайдаланып келген Фейсбуктагы баракчасына өз ойлорун “сөз эркиндиги урматталган өлкөдө” ишке ашырарын жазат.

21-апрелде 29 жаштагы Дуров “ВКонтакте” сайтындагы үлүшүн күчкө салып сатып алышканын айткан. Эми сайт толугу менен кремлчил эки олигархтын: Алишер Усманов менен Игорь Сечиндин колуна өттү.

Дуровдун айтымында, аны пайдалануучулар тууралуу маалыматтарды өткөрүп берүүгө кысташкан. Ал бир нече күн мурун Орусиядан кетүүгө аргасыз болгон. Азыр анын кайсы өлкөдө жүргөнү белгисиз.

“ВКонтакте” сайтынын популярдуулугу бир четинен мыйзамсыз көчүрүлгөн фильм, музыка, видео оюндардын кеңири базасы мнен түшүндүрүлөт. Анын аркасы менен постсоветтик аймакта жашаган жаштар бири-бири менен байланышып, бир чөйрө түзүүгө жетишкен. Муну менен катар сайт ар кандай гуманитардык, соопчулук иштерин координациялаган чордонго айланган.

Эң маанилүүсү анын бетинде саясий оппозициянын көз караштары талкууланып турчу.

Павел Дуров америкалык тыңчы Эдвард Сноуденге иш сунуштаган.
Павел Дуров америкалык тыңчы Эдвард Сноуденге иш сунуштаган.
Ошол эле маалда 2010-жылы Беларустагы президенттик шайлоо алдында сайттан көз карандысыз талапкер Андрей Санниковду колдогон топту өчүрүп салышкан. Дагы бир маалыматтарга караганда, Дуров Кремлдин оюнун ойноп, америкалык мурдагы тыңчы Эдвард Сноуден Орусиядан башпаанек алгандан кийин ага жумуш сунуш кылган.

АКШда жашаган блоггер Кэтрин Фицпатриктин пикиринде, Дуровду “оппозициялык фигура” деп атоого болбойт. Бирок анын Орусиядан кетиши 250 миллиондой аккаунт катталган сайт үчүн сокку болушу мүмкүн.

- “ВКонтакте” жоюлса, жөнөкөй адамдар менен мурдагы СССРдин аймагындагы орус тилдүү элдерге биз азыр элестеткенден да чоң таасир этиши мүмкүн. Сайтта канчалаган карапайым адамдар жүрөт. Алар оппозициялык билдирүүлөрдү, маалыматтарды, ураандарды жайылтып келишет, оппозициялык талкуулардын күчөшүнө платформаны түзүшөт. “ВКонтакте” сыяктуу пайдубалды жоготуу оппозиция үчүн сокку болушу ыктымал.

Ким билет ошол кишилердин канчасы эми Дуровдой болуп Фейсбукка ыктай баштайт.

Анын үстүнө 22-апрелде Мамлекеттик Дума социалдык түйүндөрдү чектеген жоболорду жактырды. Атап айтканда, электрондук байланышты ишке ашырган компаниялар мамлекеттик коммуникация агенттигинде каттоого турууга жана Орусиянын аймагындагы бардык интернет провайдерлер тууралуу маалымат топтоого тийиш.

"ВКонтактенин" жарым үлүшү орусиялык "Роснефть" компаниясынын жетекчиси Игорь Сечиндин колуна өттү.
"ВКонтактенин" жарым үлүшү орусиялык "Роснефть" компаниясынын жетекчиси Игорь Сечиндин колуна өттү.
Сөз эркиндигин коргогон уюмдар мунун бардыгын Кремл сынчыларынын добушун басуу аракети катары сыпатташат.

- Интернет болбосо, эбак эле “темир көшөгө” пайда болмок. Маалыматты интернет аркылуу таратуу мага абдан жардам берет. Бийлик биз жайгаштырган маалыматка жакшылап көз салып турат. Социалдык түйүндөр менен сайттарды активдүү пайдалана баштасаң, алар бушайман боло баштайт, - дейт волгодондук активист Ирина Халай.

Дагы бир жарандык активист, Химки токоюн коргогон экологдордун лидерлеринин бири Евгения Чирикованын айтымында, Интернет оппозиция үчүн “алмаштырылгыс” шайманга айланган:

- Социалдык түйүндөр элге маалымат жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түздү. Тилекке каршы, реалдуу проблемалар жөнүндө телеканалдар сүйлөбөйт. Биз өзүбүздүн массалык маалымат каражатын түзүп алганбыз. Ошондуктан, Интернетти эч нерсе алмаштыра албайт.
XS
SM
MD
LG