Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Киев: оппозиция менен бийлик бири-бирине шарт коюуда


Киев, 23-январь, 2014-жыл.
Киев, 23-январь, 2014-жыл.

Украинада президент Виктор Янукович өлкөдөгү кризисти жөнгөрүү аракетинде парламенттин чукул сессиясын чакырды. Мурдараак украин оппозициясы президентке ультиматум коюп, эгер мөөнөтсүз шайлоо жарыяланбаса эч нерседен кайра тартпай турганын эскертишкен эле.

Украин парламенти – Жогорку Раданын спикери Владимир Рыбак президент Виктор Янукович менен кездешкенден кийин билдиргендей, келерки шейшембиге мерчемделген чукул сессияда оппозициянын өкмөттү отставкага кетирүү чакырыгы да каралышы мүмкүн.

Спикер менен жолугушууда Янукович ал ушул күндөрү оппозиция менен өткөрүп жаткан сүйлөшүүлөр саясий кризисти чечүүнүн биринчи бөлүгү экендигин, талкуунун экинчи бөлүгү парламент имаратына көчүүсү зарылдыгын айткан.

Ал эми премьер-министр Микола Азаров Киевдеги демонстранттарды төңкөрүш жасоого даярданып жатканы үчүн айыптап, оппозициянын президенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү талабы азыркы шарттарда реалдуу эместигин белгилеген:

- Менимче, азыр болуп аткандардын баары – бийликти алуу аракети. Бирок окуялар локалдуу эле мүнөзгө ээ. Коркунучтуу болгону менен Киевдин борборунда, Батыш Украинанын бир нече облусунда жүрүп жатат. Жалпысынан өлкөдөгү кырдаал тынч. Адамдар тартип орнотулушун талап кылууда. Биз колдоону сезип жатабыз. Андыктан биз катаал же өзгөчө чараларга баруу зарылчылдыгын көргөн жокпуз.



Espresso.tv Киевден түз көрсөтүүдө


Ustream.tv түз берүүсү


Азаров бирок дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жаткан Давос шаарынан Рейтер агенттигинин кабарчысы менен маегинде - оппозиция менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде нааразылык акцияларын чектеген мыйзамдар кайра өзгөртүлүшү мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.

Оппозиция болсо бул аралыкта бийликтен кризисти чечүүнүн жалгыз аргасы катары мөөнөтсүз шайлоо жарыялоону талап кылууда жана бул талабына ачык жооп ала албай жаткандай.

Президент Янукович оппозиция лидерлери менен кездешүүдө. 23-январь, 2014
Президент Янукович оппозиция лидерлери менен кездешүүдө. 23-январь, 2014
Оппозиция лидерлеринин бири Виталий Кличко кечээ кечинде кризисти жөнгөрүү боюнча жоопкерчилик толугу менен президент Януковичтин мойнунда экенин кайрадан эскертти:

- Украинада бул маселени чече ала турган, абсолюттук бийлиги бар жана абсолюттук жоопкерчилик жүктөлгөн адам – бул президент Янукович. Анда урушту токтоткудай бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар.

Байкоочулардын баамында, парламенттин чукул сессиясын чакыруу Януковичтин оппозицияга азырынча берген жообу болду окшойт. Бирок, кайра эле Жогорку Радада добуштардын басымдуу бөлүгү президенттин Региондор партиясына таандык экендигин эске алганда, оппозициянын парламенттеги талкуунун жыйынтыгына олуттуу таасир көргөзүү мүмкүнчүлүгү суроо жаратат.

Янукович бейшемби күнү Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Бароззу менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө кризисти тынч жол менен чечүүнү, өлкөдө өзгөчө абал тартибин киргизбөөнү убада кылган.

Өзү Европа лидерлери тараптан Украинадагы жагдайга тынчыздануулар утур-утур айтылып жатат. Немец канцлери Ангела Меркел кечээги пресс-конференцияда:

.
.
- Биз абдан тынчызданып жатабыз. Тынчызданып гана тим болбостон, эркиндикти күмөн санаткан мыйзамдар кандай жол менен өтүп кеткенине кыжырданып да турабыз. Андыктан, Германия адамдын негизги укуктары, анын ичинде демонстранцияга чыгуу укугун оппозициянын колдонулушу камсыздалуусу керек деп санайт. Биз ошондой эле президент Януковичтин өкмөтү менен оппозиция ортосунда сүйлөшүүлөр кайра жандануусун жактайбыз.

Буга чейин шаршембинин түнүндө оппозиция лидери Виталий Кличко Көз карандысыздык аянтында президент Януковичке кайрылуу жолдогон:

Мен президентке кайрылам. Мен дал ушул көз ирмемде ал бизди көрүп турганын билем. Жолдош президент, бул көйгөйдү тынч чечкенге дале мүмкүнчүлүк бар. Чукул шайлоо кырдаалдын кансыз жайгарылышына шарт түзөт. Биз бул үчүн баарын кылууга даярбыз. Элди угуңуз, элге далыңызды салбаңыз! Кырдаалды жөнгөрүңүз! Элди укпасаңыз, эл өз үнүн жеткирүү үчүн баарына барат, - деди Кличко миңдеген кишинин алдында сүйлөп жатып.

Оппозициянын дагы бир лидери Яценюк президентке 24 саат убакыт берилерин, өз максаты үчүн канын төккөнгө да даяр экендигин эскерткен:

– Виктор Янукович! Чечим кабыл алганга 24 саатыңыз бар! Мен өзүм үчүн чечим кабыл алдым! Жашасын, Украина!

Шаршембиде аянттагы демонстранттар менен полициянын тирешүүсүнөн аз дегенде үч киши набыт болду. 300 чакты киши жараат алды. Ички иштер министрлиги 75 киши кармалгандыгын билдирди.

Мындан эки ай мурда башталган нааразылык акциясында буга чейин киши өлүмү болгон эмес эле. Өлгөндөрдүн экөө окко учканы тастыкталган. Үчүнчү курмандык - активист Юрий Вербицкий экенин өлүкканадан тууганы тааныды. Аны белгисиз адамдар 21-январда уурдап кеткендиги айтылууда.

Митингчилер менен полициянын тиреши. 23-январь.
Митингчилер менен полициянын тиреши. 23-январь.
Украинада өкмөткө каршы демонстрациялар былтыр ноябрда президент Януковичтин өкмөтү Еврошаркет менен тыгыз алака түзүүгө алып баруучу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган.

Декабрда Киевдин көчөлөрүндө тынч демонстрацияларга 200 миңдей киши жыйналган эле. Бирок митинг-демонстрацияларды чектөө боюнча жакындагы мыйзамдар аларды кайра күчөтүп, демонстранттар менен полиция өткөн жекшембиден бери кагылышууда.

Ушул апта ичи кеминде үч киши мерт болуп, жүздөгөн киши жаракат алган.

Жаңы мыйзамдарга ылайык уруксат берилбеген митингге чыккандарды жазалоо күчөтүлмөк, чатыр тигүүгө, үн күчөткүчтөрдү колдонууга тыюу салынмак.

Бейшемби күнү демонстранттар батыштагы Львов шаарында жергиликтүү губернатордун кеңсесине чабуул коюшуп, аны отставкага кетүү жөнүндө арыз жазууга мажбурлашты.
  • 16x9 Image

    Жаңыл Жусупжан

    "Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011). 

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG