Артыкбаев: "Газпром" газды кымбаттатпайт
Орусиянын "Газпром" ишканасы Кыргызстанды жаратылыш газы менен сапаттуу, арзан жана үзгүлтүксүз жабдуу милдетин алды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Макулдашуу эки өлкөнүн парламенттери ратификациялаган соң күчүнө кирет жана “Кыргызгаз” ишканасы толугу менен "Газпром" ишканасынын карамагына өтөт. (Бурулкан Сарыгулова, Мирлан Токталиев)