Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Шайлоого эки күн калды


Кыргызстанда шаардык жана айылдык кенештерге шайлоого эки күн калды. Быйылкы шайлоо мурдагыларынан эмнеси менен айырмаланып жатат?

“Арай көз чарай” талкуусунун катышуучулары: БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков, БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев жана “Таза шайлоо” коомдук фондунун төрайымы Айнура Усупбекова катышты.

“Азаттык”: Жергиликтүү шайлоого эки күн калды. Шайлоого даярдыктар учурунда административдик ресурстар колдонулуп жатканы, айрым партиялар тарабынан шайлоочуларды сатып алуу аракеттери болгону тууралуу айтыла калып жатат. Айнура айым, бул жаатта сиздердин оюңуздар кандай?

Усупбекова: Биз 15-ноябрдан тарта шайлоого даярдык учуруна байкоо жүргүзүп жатабыз. Ошол убактан бери көйгөйлөр болуп атат, административдик ресурс да колдонулду десек да болот. Анткени биздин байкоо боюнча шайлоодо үч партия катуу атаандашып, өзүнүн ресурстарын колдонуп жатышат, ал жерде жалаң бийликте турган эмес, оппозициядагы партиялар да бар. Себеби бүгүнкү күнү жетекчилик кызматтарда алардын да кишилери отурушат.

Биздин байкоо боюнча КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары бири-бирине катуу атаандашып атат, бул көбүнчө маалымат каражаттарынан да билинип жатат. Маалымат каражаттары аркылуу ар бири өзүнүн таасирдүүлүгүн көрсөтүүгө аракеттенишүүдө.

Ошол эле учурда айта кетүү керек, жергиликтүү бийликте тургандар мурдатан үйрөнүп калганбы, айтор шайлоого өздөрүнүн таасирин тийгизүүгө аракет кылып жатышат. Мисалы, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов акыркы убактарда сыналгыдан түшпөй калды, муну дагы административдик ресурс катары эсептөөгө болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






“Азаттык”: Акылбек мырза, шайлоо акыйкат болот деп ишене аласызбы?

Сариев: Административдик ресурс десе эле биз аким же башка жетекчинин кыймыл-аракетин элестетип көнүп алыптырбыз, менимче ошол эле жетекчилер менен катар сот органдары жана шайлоо комиссияларынын кыймыл-аракеттери да ошого жатат. Ошондуктан мен шайлоого даярдык учурунда административдик ресурс колдонулуп жатат деп айтам. Мисалы, кечээ КСДПнын депутаты Эгемберди Эрматов Кадамжайда шайлоого КСДПнын талапкерлерин каттатпай койду деп маалымдады.

Экинчиси – Жайыл районунда “Эламан” деген партияны каттоого албай койгону үчүн аймактык шайлоо комиссиясын таратып, кайра түзүлгөн комиссияга аталган партияны кыстап каттатышты.

Үчүнчүсү – Бишкек шаарында биздин шайлоого мыйзам чегинде аттанган “Шайлоочулар тобун” каттабай коюшту. Мына ушундан көрүнүп турат, БШК өзүнүн кызыкчылыгы үчүн үч жерде үч башка аракет жасады.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, мындан мурунку президенттик шайлоодо айрым жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай, нааразылыктар жаралган. Бул жолу андай болбойбу?

Кадырбеков: Эгерде тизмеден аты-жөнүн таппаса, ага аймактык шайлоо комиссиясы да, шайлоочу өзү да күнөөлүү болот. Биринчиден, шайлоого кырк күн калганда тизме илинип жатат, БШК да эскертүү берип, “өзүңөрдү тизмеден текшергиле” деп атат.

Азыркы шайлоонун өзгөчөлүгү: мурдагыдай кошумча тизме деген жок, ошондуктан ар бир жаран өзүн тизмеде барбы жокпу текшерип, укугун пайдаланышы керек. Эгер шайлоо күнү шайлоочу өзүнүн аты-жөнүн тизмеден таба албаса, анда кагаз жүзүндө арыз жазып, шайлоо комиссиясына тапшырып кетиши керек, ал жерден бул маселе каралат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG