Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Кожоналиев террорчу менен байланышканбы?


Кубатбек Кожоналиев
Кубатбек Кожоналиев

3-октябрдагы Бишкектеги Кумтөр боюнча митингдин алып баруучусу, азыр үй камагындагы коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев террорчул уюмдун лидери менен байланышты деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү Улан Садырбеков “Азатттыкка” курган маегинде билдирди.

- Коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев террорчул уюмдун лидери менен байланышта болгон деген сөздөр тарады. Сизде кандай маалымат бар?

- Азыркы күндө Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгы тарабынан уюшкан террорчул топтун үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бул боюнча тергөө амалдарын жүргүзүлүп жатканда генерал Кожоналиевдин террорчул топтун лидери менен байланышы бар экени аныкталып жатат. Бүгүнкү күндө тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүп жатабыз.

- Террорчул уюмдун лидери менен байланышы бар экенин качан, кантип аныктадыңыздар?

- Ал тергөө учурунда оперативдик кызматкерлер жүргүзгөн иш-аракеттердин натыйжасында тастыкталып жатат.

- Айрым булактарда Кожоналиевдин террорчу делген адам менен телефон аркылуу сүйлөшкөн деп айтылып жатат. Бул маалыматтын чын-төгүнү тууралуу эмне билесиз?

- Ал чындыкка жатат. Анткени ал сүйлөшкөн сөздөр бар.

- Качан сүйлөшкөн?

- Эми азыр биз тергөөнү жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан бардык маалыматты бере албайбыз. Анткени бул тергөөдөгү сыр болуп саналат.

- Кожоналиевдин адвокаты бул дооматтар негизсиз деп жатат. Бул маалыматтарды так далилдей аласыздарбы? Же бул 3-октябрдагы митингден кийинки гана саясий куугунтуктообу?

- Жогоруда айткандай, азыр тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен гана чечим кабыл алабыз. Азыркы күндө толугу менен маалымат бере албайбыз.

- Террорчул деген уюм тууралуу айта кетесизби... Алар кайда иштешкен, кандай максаттарды көздөгөн, улуттук курамы кандай?

- Улуттук курамы жалаң эле кыргыз жарандары. Уйгурлар да бар. Булардын максатын азыр айтпай эле коеюн. Бирок кармалгандар террорчулук уюмдун мүчөлөрү экени так аныкталып жатат. Алар Кыргызстанда эле жашап жүрүшкөн.

- 17-октябрда Бишкекте күч түзүмдөрүнө каршы теракт даярдаган деген шек менен 5 киши кармалган. Эртеси күнү "Түркестан ислам кыймылы" уюмуна жана террорчулукка тиешеси бар деп эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстан жараны колго түшүрүлгөн болчу. Кожоналиев бул террорчу делген адамдар менен байланышы болушу мүмкүнбү?

- Эми биз аны тергөө учурунда далилдегенге аракет кылабыз.

"Азаттык": Кубатбек Кожоналиевдин адвокаты Искендер Журабаев УКМКнын шектенүүлөрүн четке кагууда. Ал азырынча маалыматтар тастыктала электигин айтып, Кожоналиев эч кандай террорчул уюмдар менен байланышпаганын “Азаттыкка” билдирди:

- Мындай маалымат болушу да мүмкүн эмес. Кубатбек Кожоналиев өзү юстициянын генерал-майору, Кыргызстанга күйгөн жаран. Эч кандай террорчул уюмдар менен байланышып, Кыргызстанга зыян келтирчү аракеттерге барышы мүмкүн деп эмес. Бул дооматтарды акылга сыйгыс деп эсептейбиз. Алардын тастыкталышы мүмкүн да эмес.

Оорунканада жаткан Кубатбек Кожоналиевдин өзү менен байланышуу мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG